![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2020/07/kaza-boldu1-2.jpg)
Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы 28 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб 26-июлда билдирди.
Коронавирустан каза болгондордун эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — беш. Ошондой эле, Ош шаары, Ош жана Баткен облустарында — экиден, Чүй жана Ысык-Көл облустарында — төрттөн жана Нарын облусунда — бир бейтап кайтыш болду.
Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган. Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 277 киши көз жумду — алардын арасында расмий түрдө 29 медкызматкер бар.
Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 32 813кө жетти — өткөн суткада жаңы 689 учур катталды. Жалпысынан 20 388 киши илдеттен сакайды.