«Кудай койгон ханыбызсың». Президентти сындаган мигрант аял кайра кечирим сурады

Президент Сооронбай Жээнбековду «иштей албасаң кетпейсиңби, эмне жүрөсүң самсаалап» деп тилдеген мигрант аял өлкө башчысынан кечирим сурады. Анын видеосу «Кечки кабарлар» ютуб каналында 28-июлда жарыяланды.

Мигрант аял Москвада болгондуктан Кыргызстанда кайтыш болгон апасын акыркы сапарга узата албай калып, кейип турган абалда президентти сындаганын айткан.

Ошондой эле ал Шереметьево аэропортунда барып өлкөгө уча турган самолет таба албай койгондугун айтып кайгырган.

«Апама жетип калсам бул сөздөр чыкпайт болчу да. Апамды жоктоп турганда ютубга чыгарбай койсоңор болмок. Сооронбай Шарипович, сен биздин Кудай койгон ханыбызсың да, кечирип кой, ютубду карасам азыр ошол чыгып кетиптир, апам эми кайтып келмек беле. Ханды эч ким тилдеген эмес, сөккөн эмес!» — деп түшүндүргөн өз кайрылуусунда ал.

«Иштей албасаң кетпейсиңби. Эмне жүрөсүң самсаалап?»

Буга чейин соцтармактарда тараган тасмада аял Жээнбековду Москвадан Кыргызстанга «бир күндө бирден учак уюштуруп койбойсуңбу» деп сындаган. Апасынын каза болгонун айткан мигрант Шереметьево аэропортунда бар болгон билеттерди 70-80 миңге сатып жатышканын айтып нааразы болгон.

«Сооронбай Шарипович, уят эмеспи, бир күндө бир самолет учуруп койсоң болбойбу? Канча адам сыздап атат азыр. Мамлекетиңди бага албайсың, же өзүңү бага албайсың! […] Сооронбай Шарипович, ойлонбойсуңбу? Иштей албасаң кетпейсиңби. Эмне жүрөсүң самсаалап? Бер да иштей ала тургандарга. Уят! Бир элиңди сактай албайсың! Канча элиң боздоп атат», — деген оюн билдирген аял.

Мындан сырткары ал Кыргызстандын элчилиги маселени чече албаганын айтып кейиген. «Бардык жер жалаң гана коррупция! Кече Шереметьево аэропортунда элдер билет сатып жүрүшөт, “жүрү” деп сүйлөшүп атышат», — деген ал.

Президентти сындаганы үчүн куугунтукка алынгандар

Бир апта мурун фейсбуктун колдонуучусу Айгүл Сарымсакова «За импичмент Сооронбая Жээнбекова» аттуу фейсбуктагы тайпада пикир калтырганы үчүн үйүнө милиция келгенин жазган. Алгач ага жарандык кийимчен үч адам келген, эртеси күнү формачан эки милиционер келип, мындай пикир калтырбоо керектигин эскертишкен. Кийинчерээк анын калтырган пикирлери өчүрүлгөн.

Сарымсакованын айтуусу боюнча, милиция келген сайын өзүнүн жана ата-энеси менен туугандары жөнүндө маалыматтарды чогултуп турган. Мындан тышкары, ал иштеп жаткан ЖОЖдон аны жумуштан алууну талап кылышкан деп шек санаган.

Мындан сырткары дагы бир Nelly Erkin аттуу интернет колдонуучу ага да ИИМден келишкенин, андан «соцтармактардагы өкмөткө каршы постторду» өчүрүүнү талап кылышканын айтып берген. Ал милиция кызматкерлери өздөрүн тааныштырбай, документтерин көрсөтүшпөгөнүн, анткени алардын келиши «бейрасмий» деп эсептелерин айткан.

StandUp комедиялык шоусунун катышуучусу Назгүл Алымкулова да фейсбук барагында күбө катары УКМКга суракка чакырылганын билдирген. Алымкулова суракка болжол менен тамашалуу дипфейк-видео үчүн чакырылган. Ал видеодо белгилүү рэпердин бети Кыргызстандын президентинин жүзүнө алмаштырылган эле.