Жээнбеков: Азимжан Аскаровдун ишинде эл аралык норма сакталды

Сооронбай Жээнбеков

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» 1-августта маек куруп, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши тууралуу комментарий берди. Президент Аскаровдун ишинде «эл аралык норма сакталган» деп белгиледи. Ошол эле учурда ал укук коргоочуга карата сот чечими боюнча комментарий берүүдөн карманды.

«Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма дагы сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Ал эми мен сот чечимдерин комментарий кылганым туура эмес болуп калат», — деди Жээнбеков.

Бирок Бүткүл улуттар уюмунун Адам укуртары боюнча комитети Аскаровдун иши боюнча соттук чечим туура эмес болгонун, ал мыйзамсыз кармалып, кыйноого кабылганын билдирген. Аталган комитет 2016-жылы Кыргызстандын бийлигинен Аскаровдун өкүмүн жокко чыгарып, аны абактан токтоосуз бошотууну талап кылган. Бирок бул ишке ашкан эмес.

Аскаровдун ишин кайрадан карап, аны бошотууга Европа биримдиги да чакырган. Бирок укук коргоочу 25-июлда №47 колониянын медициналык борборунда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Буга чейин анын жактоочусу Аскаровдун ден соолугу начарлап кеткенин жана ал баса албай калганын билдирген. Укук коргоочу каза болгондон кийин ал эки тараптуу толук пневмонияга чалдыгып, «курч дем алуу кемчилигинен» каза болгону белгилүү болду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) алгач Аскаров ооруп жатканын төгүндөгөн. Бирок укук коргоочу көз жумгандан кийин мекеме Аскаровдун абалы оор болгонун тастыктап, ал дарылануудан баш тарткан деп ишендиришкен.

Анткен менен БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Лиз Троссел 28-июлда Женевадагы брифингде Аскаровдун «өлүмү боюнча ыкчам, бейтарап жана натыйжалуу иликтөөнүн жүрүшүн камсыздаш керек» деп билдирген.

Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстандын Ташкент шаарында 1-августта жерге берилди. Анын денесин коңшу өлкөгө чыгаруу үчүн Аскаровдун үй-бүлөсү беш күн уруксат күткөн.

Азимжан Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап жатат. Эмне үчүн бул иш маанилүү?