COVID-19 дагы 37 медицина кызматкеринде аныкталды

Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штабдан 6-августта COVID-19 дагы 37 медкызматкерден табылганын кабарлашты. Ал эми акыркы сутка ичинде беш медик сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.

Коронавирусту жуктуруп алган медиктердин эң көбү Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда катталды — он үчтөн. Ошондой эле Ош жана Ысык-Көл облустарында — экиден, Нарын облусунда — бир жана Баткен облусунда — алты медик коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 911ге жетти, 1973 медкызматкер илдеттен айыкты. Өкмөт 30-июлда COVID-19дан 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен 3-августта билдиргендей, иш убагында коронавируска чалдыккан төрт медкызматкерге 200 миңден кун төлөнгөн, ошондой эле дагы 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатат. Бирок буга чейин оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин — Кара-Кулжалык фтизиатр Альберт Исмаиловдун жана Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын — үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

Мындан сырктары 3-августа Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан тарта медиктерге кошумча акы төлөө үчүн 807 млн сом жумшалганын билдирген.

6-августка карата COVID-19ду жуктуруп алган кишилердин саны 38 659га жетти. Алардын ичинен 30 099 бейтап айыгып, 1 447 киши каза болду.