COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 2 948ге жетти

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 9-августта COVID-19 дагы 10 медкызматкерден табылганын кабарлады. Ал эми акыркы сутка ичинде алты медик сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.

Коронавирусту жуктуруп алган медиктердин эң көбү Бишкек шаарында катталды — үч. Ошондой эле, Ош шаары, Чүй жана Жалал-Абад облустарында — бирден, Ош жана Баткен облустарында — экиден медик коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 948ге жетти, 2141 медкызматкер илдеттен айыкты. Өкмөт 30-июлда COVID-19дан 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен 3-августта билдиргендей, иш убагында коронавируска чалдыккан төрт медкызматкерге 200 миңден кун төлөнгөн, ошондой эле дагы 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатат. Бирок буга чейин оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин — Кара-Кулжалык фтизиатр Альберт Исмаиловдун жана Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын — үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

Мындан сырктары 3-августа Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан тарта медиктерге кошумча акы төлөө үчүн 807 млн сом жумшалганын билдирген.

9-августка карата COVID-19ду жуктуруп алган кишилердин саны 39 919га жетти. Алардын ичинен 31 822 бейтап айыгып, 1 468 киши каза болду.