COVID-19га дагы 10 медкызматкер чалдыкты, 29 медик илдеттен сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 13-августта COVID-19 дагы 10 медкызматкерден табылганын кабарлады. Ал эми бир суткада алты медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй шартында 23 медициналык кызматкер сакайды.

Коронавирусту жаңыдан жуктуруп алган медиктердин эң көбү Баткен облусунда катталды — үч. Ошондой эле, Ош жана Бишкек шаарларында, Жалал-Абад облусунда — экиден, Ысык-Көл облусунда — бир медик коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 991ге жетти, 2271 медкызматкер илдеттен айыкты. Республикалык штаб 30-июлда COVID-19дан 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен 3-августта билдиргендей, иш убагында коронавируска чалдыккан төрт медкызматкерге 200 миңден кун төлөнгөн, ошондой эле дагы 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатат. Бирок буга чейин оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин — Кара-Кулжалык фтизиатр Альберт Исмаиловдун жана Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын — үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

13-августка карата COVID-19ду жуктуруп алган кишилердин саны 41 069га жетти. Алардын ичинен 33 318 бейтап айыгып, 1 487 киши каза болду.