COVID-19га дагы 5 медкызматкер чалдыгып, 14 медик илдеттен сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 17-августта COVID-19 дагы беш медкызматкерден табылганын кабарлады.

Ал эми бир суткада беш медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үйүндө дарыланып жаткан тогуз медицина кызматкери сакайды.

Ош, Баткен, Чүй, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында бирден медик коронавируска чалдыккан.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 035ге жетти, 2 342 медкызматкер илдеттен айыкты. Республикалык штаб 30-июлда COVID-19дан 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен 3-августта билдиргендей, иш убагында коронавируска чалдыккан төрт медкызматкерге 200 миңден кун төлөнгөн, ошондой эле дагы 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатат. Бирок буга чейин оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин — Кара-Кулжалык фтизиатр Альберт Исмаиловдун жана Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын — үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

17-августка карата COVID-19ду жуктуруп алган кишилердин саны 41 991ге жетти. Алардын ичинен 34 657 бейтап айыгып, 1 496 киши каза болду.