Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүндө 9-сентябрда учурда «коррупциянын артында ким турганын жана өлкөдөгү бийлик президенттин гана колунда топтолуп калганын» айтты.

«Ачык айтканда эки жолу революция болсо дагы сабак албай жатабыз. Бийлик бүгүнкү күнү абсолюттук түрдө узурпацияланган. Бүгүн президенттен башка бийлик жок. Жогорку Кеңеш президенттин юридикалык бөлүмү, өкмөт президенттин уюштуруу бөлүмү болуп калган», — деди ал.

Экс-депутат бийликтин башка бутактары президенттин чечимине жараша иштеп жатканын да сынга алды. Анын пикиринде «бийлик тигил же бул криминалдык топтор аркылуу узурпацияланган».

Мурдагы депутат өз сөзүндө бүгүн мен-мен деген оппозициядагылар дагы президенттин атын айта албай, коррупциянын артында ким турганы боюнча унчуга албай жатканын билдирди.

«Бардыгыбыз Райымбек Матраимов коррупционер деп айтабыз, ал эмне өзүн-өзү камамак беле? Мен Кыргызстанда өзү барып түрмөгө отурган адамды көрө элекмин. Матраимов коррупционер болсо аны камай турган прокурор бар, артынан иликтей турчу УКМК бар, Каржы полициясы бар, ИИМ бар», — деди Калмаматов.

Буга чейин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун бажыдагы коррупциялык аракеттери жөнүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып «факты бергиле» деп талап кылган. Ошол эле учурда бул иштерди тийиштүү кызматтар тыкыр иликтейт деп ишендирген.

Анткен менен Калмаматов бул бийлик бутактарынын баары бир колгон чогулуп калгандыктан коррупцияга каршы күрөштө натыйжа болбой турганын кошумчалады. Ошол эле маалда учурда бийликте отургандар коррупцияга каршы күрөшкө кызыкдар эместигин баса белгиледи. Анткени алар «менин эртеңки тагдырым кандай болот?» деген маселе менен көп алпурушуп жатат дейт ал.

Калмаматов коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасыздыгын транспорт министрлигиндеги 520 миң доллар пара чуусу менен түшүндүрдү. Кезегинде бул иш Коопсуздук кеңешинде дагы көтөрүлүп, ошол учурдагы транспорт министри Жамшитбек Калилов иштен четтетилген. Бирок учурда ал үгүт иштери менен аймактарды кыдырып жүргөнүн Калмаматов белгилеп өттү.

«Азыр ошол министр “Биримдиктин” футболкасын кийип алып, Өзгөндө үгүт кылып жүрөт. Ошондо биз “коррупция менен күрөшүп жатат” деп бирөөгө ишенебизби. Эч ким күрөшкөн жок, керек болсо бул иммитациядан дагы жаман болуп жатат», — деди ал.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Ата» фондуна которушкан.

Kloop, «Азаттык» жана OCCRPнин биргеликте жасалган иликтөөсү жарыяланаардын алдында Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Буга чейин Саймаитинин курьерлеринин бири Хусан Керимов киши колдуу болгон. Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн накталай 1,6 миллион долларды алууга бараткан. Курьердин жансыз денеси «Манас» аэропортунун алдындагы унаанын багажнигинде табылды.

Хусан Керимовдон сырткары иш убагында жок болуп кеткен курьерлер да болгон. Керимов өлтүрүлгөнгө чейин бир жума мурун «Мадина» базарынын 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурехмандын денеси табылган. Бирок ал бир гана соодагер эмес, «коллектор» да болгон — Абдурехман башка соодагерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн топтоп жүргөн.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.

ТЕМА БОЮНЧА

Матраимов үй-бүлөлүк фонду тууралуу иликтөөнү сындады. Журналисттер ал «чындыкты бурмалоодо» деген ойдо

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

«Ыйман Нурунун» теңтөрагасы «Матраимов тарабынан басым жасалганын» тастыктады

Матраимовдор vs ЖМК: Бишкек шаардык соту процессти башка сотко өткөрүүдөн баш тартты

Финпол Матраимовдун мүлкүн текшерүү ишин УКМКга өткөрүп берди