«Давай, Зухра». «Мекеним Кыргызстандын» футболкасын кийген кыздын башка кызды сабап жаткан видеосу тарады

Видеодон алынган скриншот

Социалдык тармактарда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын футболкасын кийген кыз башка кызды чачтан алып, жерге басып алып башка-көзгө чаап сабап жаткан видеосу тарады.

Кадр артында сүйлөп жаткан кыз мушкашкандардын бирөөнү орусча «Давай, Зухра. Эй, без камня» деп сүрөп жатканын угууга болот.

Ошондой эле, ал жерде бир нече башка кыздардын бар экени видеодо байкалат.

Ал ортодо «Мекеним Кыргызстандын» футболкасын кийген кыз «Далбоёб» деп кыйкырып жатканы угулат. Чачташкан кыздар жерге жыгылганда ары жактан эркек кишинин «Ээй» деп сүйлөгөнү да видеодо жазылып калган.

Окуя кайсы жерде болгону белгисиз. Алгач бул видео Инстаграмда тарап, кийин ал жактан өчүрүлгөн.

Интернетте тараган бул видео боюнча укук коргоо органдарынан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү, парламенттик шайлоого дал ушул партия менен аттанып жаткан Элнура Алканава видео чыгары менен териштирүү башталганын «Клоопко» билдирди.

«Видео чыккандан кийин дароо эле текшерүү баштаганбыз. Аймактардагы штабдардан бери текшерип чыктык. Бул кызды алардын бири дагы тааныбайт экен. Бизге тиешеси жок болуп жатат», — деди ал.

Алканова андан сырткары видеодогу кыздардын бириндеги футболканы алар кайдан алып кийгенин тактоо мүмкүн болбогонун кошумчалады.

«Мекеним Кыргызстанды» тооруган ызы-чуу

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясына байланышы бар бир нече кишиге эреже бузганы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы айып салынган. Атап айтканда ырчы Бек Борбиевдин «Мекеним Кыргызстан» ырына тартылган клипте партиянын логотиби колдонулуп, ал үгүт иштери башталганга чейин соцтармакта тарап кеткен.

Мындан тышкары партиянын талапкери Кылыч Исамамбетовго пандемияга карабай агитациялык жолугушууда концерт койгону үчүн 7500 сом айып салынган.

Чуулуу окуяларда да партиянын аты бир нече жолу аталган. Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партияларынын тарапташтарынын ортосунда массалык мушташуу орун алган. Кийин эки партиянын талапкерлери тизмеден чыгарылган.

Мындан бир нече күн өткөндөн кийин Нарын облусунда «Республиканын» үгүтчүсү «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүлөрү кол салышканын айтып чыккан. Бирок «Мекеним Кыргызстан» партиясы бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдиришкен.

Аталган партиянын дарегине башка олуттуу айыптоолор да айтылган. Мисалы, паспорт чогултуу, шайлоочуларды №2 формасы боюнча жапырт каттоо, добуш сатып алуу. Анткен менен партия бардык айыптоолорду четке кагып келет.