Аравандагы массалык мушташ. «Мекеним Кыргызстандын» талапкери БШКны сотко берет

Илхом Маннанов

Жогорку Кеңештин депутаты Илхом Маннанов Борбордук шайлоо комиссиясын чечимине даттанып, сотко кайрылат. Мындан бир апта мурун БШК Маннановду «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алган.

Маннановду тизмеден чыгарууга 20-сентябрда Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө «Мекеним Кырызстан» партиясынын үгүт иш-чарасы учурунда аталган партия менен «Биримдиктин» тарапташтарынын ортосунда чыккан чыр негиз болгон. Ал аталган партиянын тизмесинде №33 орунда.

Аравандагы массалык мушташ

20-сентябрда Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө «Мекеним Кырызстан» менен «Биримдиктин» тарапташтарынын ортосунда болгон чырдын кесепетинен эки талапкери — Илхом Маннанов жана Шукирилло Файзуллаев БШКнын чечими менен шайлоодон четтетилген.

КСДП фракциясынын депутаты Маннанов «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде 33ү, ал эми Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Файзуллаев «Биримдиктин» 74ү орунду ээлеп келген.

Массалык мушташтан улам 13 адам жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Ошондой эле, беш унаа талкаланып, учурда келтирилген зыян эсептелип жатат. Кийинчерээк Маннанов менен Файзуллаев бир-биринен кечирим сурашкан.

Милиция бул окуя боюча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, алты шектүүнү аныктады. Шектүүлөрдүн бешөө тергөө изоляторуна киргизилди, дагы бир адам ооруканада калууда.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.

Тема боюнча:

Массалык мушташ. Араван РИИБинин башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынды