Талант Мамытов: Бажы тармагындагы иликтөө боюнча алты кылмыш иши козголгон

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 16-октябрда билдиргендей, кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнүн чоо-жайын изилдеген депутаттык комиссиясынын жыйынтыгы менен алты кылмыш иши козголгон.

Депутат Мамытов: Матраимов боюнча маселеде көп нерсе тергөөдөн көз каранды

Депутат Мамытов: Матраимов боюнча маселеде көп нерсе тергөөдөн көз карандыМамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча маселе иликтенип-тергелиши керек. Мындай пикирин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланышкан жагдайды жана маалыматтарды тешкерүү үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Талант Мамытов 16-октябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Депутаттын айтымында иликтөө калыс жүргүзүлүшү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилерин алмаштыруу зарыл:«Биринчи кезекте ал жакта жетекчиликти алмаштырыш керек. Тергөөдөн көп нерсе көз каранды. Азыр калыс тергөө же жаап-жашыруу боюнча ошол эле прокуратурада, УКМК, ички иштер органдарында жоопкерчилик турат. Бүгүнкү күндө прокуратуранын, УКМКнын жетекчилерин дайындоо болгондон кийин ошол маселелерге кайрылыш керек».Ал «Азаттыктын» кабарчысынын: «Депутаттык комиссиянын корутундусунда эмне себептен Матраимовдун ысымы бир да жолу аталган эмес?» - деген суроосуна: «Тергөө купуялыгына байланыштуу айтылган маалыматтар менен гана чектелгенбиз», - деп жооп кайтарды. Саймаитинин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгында алты кылмыш иши козголгонун эске салды.«Ал факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу. Тергөө купуялыгы деген бар. Бизге ошондой өтүнүч болгон. Алты кылмыш иши тергелип жатканынан улам тергөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгаруу деген маселе болгон. Алты кылмыш ишинин козголушу - комиссиянын ишинин жыйынтыгы. «Азаттыктын» иликтөөлөрүнүн негизинде тергөө жүргүзүлүп, тиешелүү юридикалык баа берилсин деген чечим чыккан», - деди Мамытов.Талант Мамытов өзүнө кайсы бир органды жетектөө тууралуу бийликтен азырынча сунуш болбогонун кошумчалады.Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жыйындын алдында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да журналисттердин Матраимовдор боюнча суроосуна жооп берген. Ал «Матраимовдор боюнча мекемеде эч кандай кылмыш иши козголгон эмес» деп билдирди.5-6-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразылык акцияларынан кийин тутанган жапырт башаламандыкта өзүн элдик башкы прокурор катары жарыялаганы айтылган «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев Матраимовдорго, мурдагы премьер-министр Абылгазиевге карата коррупция боюнча кылмыш иши козголгонун, ал иштерди иликтөө Аскер прокуратурасына берилгенин жарыялаган.Кытай жараны Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө өзүн журналисттерге «акча адалдоонун адиси болгом» деп тааныштырып, Кыргызстандан кеминде 700 миллион доллар адалдап кеткенин билдирген. Акча негизинен Кыргызстан аркылуу жүк ташуу бизнесин жүргүзгөн Хабибула Абдукадыр аттуу кишиники экенин, бажы кызматындагылар Абдукадырдын бизнесин калкалап турганы үчүн тийиштүү каражаттарды алышканын айткан. Мунун негизинде Саймаити өз көзөмөлү астында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго Абдукадырдын буйругу менен ири суммада акча которушканын кабарлаган. Журналисттик иликтөөдө Абдукадыр менен Матраимовдун бир нече байланышы, анын ичинде Дубайдагы бизнес өнөктөштүгү ашкереленген.Матраимовдун үй-бүлөсү бул иликтөөнү четке кагып, журналисттерди сотко берген.

Posted by Kyrgyz Azattyk Unalgysy on Friday, October 16, 2020

«Бажы тармагында жана “Азаттыкта” чыккан фактылар боюнча алты кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары Саймаитинин өлүмү боюнча жана 700 миллион доллар [өлкөдөн чыгарылып кетиши] боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды айтканбыз. Бул боюнча калган аракеттер толугу менен жүргүзүлүп, укук коргоо органдарына тапшырма бергенбиз. Алты кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берүү органдарга жүктөлгөн», — деди Мамытов.

Ал эми депутатка журналист «комиссия бул ишти карап жатканда эмне үчүн бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аты бир да жолу аталбады?» деген суроо узаткан. Мамытов болсо көптөгөн маалыматтар «тергөө купуялыгына байланыштуу айтылган маалыматтар менен чектелгенбиз» деди.

Мамытов козголгон иштер УКМК жана Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмдөрүндө каралып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле депутат тиешелүү органдар «Райымбек Матраимовдун ишмердигине байланыштуу маселени карашы керек» деген позицияны колдой турганын белгиледи. Мындан тышкары тергөө калыс жүргүзүлүшү үчүн ишти карап жаткан мекемелердин башчыларын алмаштыруу зарыл экенин айтты.

«Биринчи кезекте ал жакта жетекчиликти алмаштырыш керек. Тергөөдөн көп нерсе көз каранды. Азыр калыс тергөө же жаап-жашыруу боюнча ошол эле прокуратурада, УКМК, ички иштер органдарында жоопкерчилик турат. Бүгүнкү күндө прокуратуранын, УКМКнын жетекчилерин дайындоо болгондон кийин ошол маселелерге кайрылыш керек», — деп түшүндүрдү Мамытов.

Айэркен Саймаитинин өлүмү жана депутаттык комиссия

Айэркен Саймаити

Жогорку Кеңеште өткөн жылдын 21-ноябрында кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин киши колдуу болгонун изилдөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссияга 12 депутат мүчө болуп, Талант Мамытов төрагалык кылган. Саймаити Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда өлтүрүлгөн.

Кытайлык ишкер Саймаити журналисттеринин маалымдоочусу болгон. Саймаити журналисттерге Борбор Азияда таанымал болгон Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнө таандык көмүскө акчаларды адалдап берип жүргөнүн айтып берген.

Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.

Ал журналисттерге бул операцияларга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болгонун айтып берген. Саймаити Матраимов Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүн шарттаган бажыдагы коррупцияны колдоп турганын билдирген.

Курьерлер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын Кыргызстан аркылуу эч тоскоолдуксуз «чыгарып», андан кийин Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму акчалардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө караштуу «Исмаил Матраимов» фондуна которуп турушкан.

Кийинчерээк Саймаити Түркиянын Стамбул шаарындагы кафелердин биринде киши колдуу болгон. Ошол күнү Саймаити ал жерге Сопоковго таандык болгон унаада келген. Кийинчерээк активисттер Сопоков менен Саймаити тааныш экенин чогуу түшкөн сүрөттөрү аркылуу далилдеп беришкен.

Эркин Сопоков (сол жакта) жана Айэркен Саймаити (оң жакта)

Ишкердин өлүмүнө кармалган шектүүлөрдүн айтымында, «Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланган». Ал эми Сопоков бул окуянын эртеси күнү кызматынан алынып, ага карата үч кылмыш иши козголуп, ал үй камагына алынган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарыяланган журналисттик иликтөө жана Саймаитинин өлтүрүүсү боюнча тергөөнү баштап, биринчилерден болуп Сопоковду суракка чакырган. Кийинчерээк УКМКга бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Дүйшөн Төрөкуловду суракка чакырган.

Ал эми депутаттык комиссия жарым жылдан ашуун убакытта жайгдайларды изилдеп, көмүскө акчалар Кыргызстан аркылуу адалдаштырылганына «Матраимовдордун тиешеси жок» деген жыйынтыкка келген.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров башка мамлекеттин акчалары Кыргызстан аркылуу чет жакка чыгышынан өлкө пайда гана көргөнүн баса белгилеген.

Комиссиянын токтомун 71 депутат колдоп, 1 депутат каршы добуш берген. Депутаттык комиссиянын корутундусунда такталбаган, шек жараткан учурлар бар экенин Дастан Бекешев менен Рыскелди Момбеков гана айткан.

Айэркен Саймаити баштаган бир нече кишилердин чет жакка акча которуусунан мамлекет 6 млрд сом салык албай калды деп кылмыш иши козголгон. Бирок шектүү киши өлүп калгандыктан ал иштер мыйзам боюнча кыскартылышы керектигин УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу жыйында айткан.

УКМКнын тергөө башкармалыгынын кабарлашынча жогоруда сөз болгон фактылар боюнча үч кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Алар: Адам өлтүрүүгө аракет кылуу [Саймаитинин өлүмү боюнча], кылмыштуу жол менен алынган каражаттарды адалдаштыруу жана салык төлөөдөн качуу. Салык төлөөдөн качуу беренеси менен козголгон кылмыш ишинде Саймаитиге гана айыбы сыртанын угузулган. Калган иштер боюнча эч кимге айыбы угузула элек, шектүү катары жоопко тартыла элек. УКМКнын ырасташынча ага негиз жок.

Депутаттык комиссия өз корутундусунда Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнө кимдер кызыкдар экенин так билдирген эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутаттык комиссия: 700 млн доллардын өлкөдөн чыгарылышына Матраимовдордун тиешеси жок