БШК кайра дайындалган парламенттик шайлоону жокко чыгарган Жогорку Кеңешти сотко берет

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын 20-декабрга дайындалган парламенттик шайлоону жылдырган мыйзам кабыл алгандыгы үчүн сотко берет.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун Kaktus.media басылмасына билдиришинче, мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынган.

«Биз документтерди даярдап жатабыз. Анткени парламенттин чечими мыйзамсыз», — деди ал.

Буга чейин 21-октябрда Боршайком кайрадан парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бирок бир катар депутаттар шайлоону жазга чейин жылдыруу боюнча Конституциялык мыйзамды сунуштап, ал көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоого алынган.

Ага ылайык, Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого чейин конституциялык реформа жүргүзүүнү көздөп жатышат. Эми парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды — шайлоо 4 айдан 6 айга чейинки мөөнөттө өтүшү керек.

Андан сырткары Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган токтомун дагы жокко чыгарды. Анткен менен сот токтомду жокко чыгарганга чейин 37 партия шайлоого катышуу ниетин билдиргенге үлгүргөн.

Ал ортодо президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышын шайлоо күнү 2021-жылдын 1-июнуна чейин аныкталат.

Жапаров шайлоонун артка жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанды.

Анткен менен кайрадан дайындалган парламенттик шайлоонун мөөнөтү жазга чейин жылдырылганын депутаттардын бардыгы эле колдогон жок. Айрымдары шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча Конституциялык мыйзамдан кабары болбогонун айтып чыгышты. Мисалы депутат Наталья Никитенко күн тартибинде депутат Алтынбек Сулаймановдун шайлоо мыйзамын өзгөртүү боюнча демилгеси гана болгонун айтып, бул мыйзам долбоорунда шайлоо босогосун жана күрөөсүн ылдыйлатуу, ошондой эле №2 формасын жоюу сунушталганын билдирди.

«Башка маселе жок болчу! Мен ушул мыйзам долбоорун колдогону келгем. Бирок, 14:00дөн 17:00гө чейин кворумду күтүп отуруп, кесиптештеримдин конституциялык мыйзамдын айрым беренелеринин иштешин токтотуу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун киргизүү боюнча конституцияга жатпаган жана уятсыз демилгелерине күбө болдум. Ошол себептен Конситуцияга каршы келген жана туура эмес деп эсептеген аракеттерге кворум камсыздабоо үчүн катышпоону чечтим», — деди Никитенко.

Анын айтымында, шайлоо күнүн жылдыруу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун эч ким көргөн дагы, талкуулаган дагы эмес. Бирок төрт окуудан тең өткөн. Никитенко бул мыйзамды кабыл алуу менен ансыз деле «элдин ишениминен кеткен» алтынчы чакырылыш «өмүрүн 7 айга узартып, Конституциялык реформаны ишке ашыруучу аянтчага айланганы жатканын» белгиледи.