БШК Бишкектин Административдик сотунун 20-декабрга пландалган кайрадан парламенттик шайлоону жылдыруу чечимине протест жасай алган жок. Комиссиянын 21-октябрдагы жаңы шайлоо тууралуу токтомун буга чейин «Демократия үчүн жана жарандык коом коалициясынын» жана «Актив» саясий партиясынын арызынын негизинде жокко чыгарган. Буга байланыштуу комиссия Жогорку сотко кайрылган. Бирок даттанууну сот караган эмес.
«2020-жылдын 29-октябрында КРдин Жогорку сотунун аныктамасы менен БШКнын 2020-жылдын 24-октябрында Бишкектин Административдик сотунуну чечиминин үстүнөн кассациялык даттануусу арыздануучуга мамлекеттик алымды төлөнгөнү боюнча далилдин жоктугуна байланыштуу кайтарылды», — деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.
Бишкектин Административдик соту БШКнын 21-октябрдагы парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Доо арыз менен сотко «Демократия үчүн жана жарандык коом коалициясы» жана «Актив» саясий партиясынын өкүлдөрү кайрылган.
Кыргызстандагы шайлоолорду кийинкиге жылдыруу
Парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүү — саясий кризистин кесепети. Саясий кризис 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон кыргызстандыктар өлкө боюнча митингге чыккан күнү — 5-октябрда башталган. Бешинен алтысына караган түнү башаламандыктар күч алып, демонстранттар Ак үйдү басып алып, саясий негиз менен камакка алынгандарды бошотуп алышкан. Алардын арасында адамдарды барымтага алгандыгы үчүн 10 жылга соттолгон Садыр Жапаров дагы бар болчу.
Абактан бошотулгандан кийин Жапаровдун тарапташтары лидерине премьерликти же президенттик орунду берүүнү талап кылууга өтүшкөн. Акыры алардын талабы дагы орундалган: алгач Жапаров премьер катары легитимдешкен. Ага чейин бир катар депутаттар тарабынан Жапаровдун талапкерлиги сунушталганы менен Конституциянын нормалары сакталган эмес болчу. Үчүнчү жолу процедура мыйзамга ылайык өткөн. Бирок айрым депутаттар аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.
Кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү талабы дагы ишке ашкан. Алар коркутуп-үркүтүүлөрдүн арты менен жаңы өлкө башчысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткара турган спикер Канатбек Исаев бул ыйгарым укуктарын Жапаровго өткөрүп берүүсүн талап кылып, ага жетишкен.
6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кайрадан шайлоо 20-декабрга белгиленген. Кийин 22-октябрда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын бир катар депутаттары конституциялык реформа өткөрүүнү жана парламенттик шайлоону артка жылдырууну сунуштаган.
Алар Акылбек Жапаров баштаган бир катар депутаттардын парламенттик шайлоону 4-6 айга жылдыруу тууралуу мыйзамын жактырышкан. Мындай жол менен депутаттар өз ыйгарым укуктарын 2021-жылдын жаз айларына чейин узартышкан. Бирок бул убакыт аралыгында айлык албай иштөөгө макулдугун беришкен.
23-октябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров парламентке кайрадан шайлоо өткөрүү күнү жылдырылып, июнга чейин анык болоору жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Бирок алгач референдум өткөрүп, президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоону сунуштаган. Ал эми 24-октябрда Бишкек шаарынын Административдик соту кайрадан өтүүчү шайлоону жараксыз деп тапкан.
Жапаров шайлоонун артка жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанууда.
Юристтер жана жарандык коомдун өкүлдөрү эмне дешүүдө
Юристтер мындай кадам Конституциянын нормаларын бузуп, Кыргызстанды укуктук нуктан кризиске түртөт деп эсептешет.
20-декабрда парламенттик шайлоо өткөрүүнү «Үмүт Кыймылы» талап кылууда. Бул кыймылды 15 саясий партиянын өкүлдөрү түзгөн. Алар бийликке кайрылып, бийликти узурпациялоону токтотуп, укуктук нукка түшүүнү талап кылган. Ал үчүн:
- парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү;
- шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбооруна кол коюу — учурда бул долбоорго президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров кол коюусу керек;
- шайлоо учурунда добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонгондорго жеткиликтүү чара көрбөгөн ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМКны жоопкерчиликке тартуу;
- Борбордук шайлоо комиссиясына басымды токтотуу;
- Жогорку Кеңешти таратуу;
- партияларга 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү.
«Үмүт Кыймылы» башкаруу формасын тандоо үчүн референдум өткөрүү идеясын колдойт. Бирок саясатчылар алгач кыргызстандыктар Конституцияда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында жаңы чакырылыштын депутаттарын жана президентти шайлап алуусу керек деп эсептешет.