ЖАМК: Атамбаевди колонияда сүрөткө тарткан эки камалуучу карцерге киргизилди

Бир нече күн мурда социалдык тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин №47 колониясыдагы сүрөтү тарап кеткен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул факты боюнча текшерүү жүргүзүп, бул сүрөт кайсы телефонго тартылганын аныктады. ЖАМК мурдагы президентти сүрөткө тарткан эки камалуучуну да тапты — алар 15 күнгө карцерге киргизилди.

Атамбаев октябрдын аягында ТИЗО-1ден №47 колонияга которулган. Буга чейин мурдагы президент ТИЗО-1деги кармоо шарттарына байланыштуу ачкачылык жарыялаган болчу.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга күнөлүү деп табылып, Биринчи май райондук соту аны 11 жылга эркинен ажыраткан.