Экс-депутат Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын билдирди

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз фейсбук баракчасында видеокайрылуу жасап, президенттик шайлоого катыша турганын билдирди.

«Саясат мен үчүн иштей турган жер эмес деп дайыма ойлогом. Балким мен коомдук ишмер катары өзүмө жагымдуу нерселерлер менен алектенип жүргөнүм мага ыңгайлуу болмок. Бирок өлкө коркунуч абалда болгондо мен четте туруп, “мага тиешеси жок” деп карап тура албадым. Ооба, мен күрөшөм. Ооба, кыйын болот», — деди Шер-Нияз.

Ошондой эле Шер-Нияз аларга каршы «орноп калган административдик ресурстун» иштей турганын белгиледи. Экс-депутаттын айтымында, өлкө «30 жыл бою жүргөн жол менен жүрүп жатат».

Мындан сырткары ал Кыргызстандагы парламентаризмди жоготууга каршы экенин билдирди. Анын айтымында, парламентаризм бул эркиндиктин негизи.

«Кымбаттуу жаран, кымбаттуу кыргызстандык! Колуңду куушуруп отурба, сенин ордуңа баарын чечип коюшту деп ойлобо. Сен — күчсүң. Эгерде биз бириксек, биз кубаттуу, улуу агымга айлана алабыз — анын алдында бир дагы тосмо каршылык көрсөтө албайт», — деди Шер-Нияз.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин он талапкер билдирди. Алар:

Мындан сырткары президенттик шайлоого катышуу ниетин өлкө башчынын милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдиришкен.