«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады

Клара Сооронкулова

«Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу ниетин «Vesti.kg» басылмасына билдирди. Азырынча Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү жөнөтө элек.

«Кыргызстан эмне болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Мен “Реформанын” программасын көрсөтүүнү көздөп турам — биз аны менен парламенттик шайлоого катышканбыз. Биринчи учурда люстрация, анпесек болбойт, себеби люстрациясыз эч кандай реформа болбойт. Учурда парламентаризмди карманышыбыз керек», — деди Сооронкулова.

Ошол эле учурда Сооронкулова президенттик шайлоого партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүп чыгаары белгисиз.

Боршайком президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындады. Президенттик шайлоого катышууга ниеттенгендер 15-ноябрга чейин БШКга арызыны тапшыры керек.

Учурда сегиз талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыздарын тапшырды. Алар:

Мындан сырткары президенттик шайлоого өлкө башчынын милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров дагы катыша турганын билдирген. Жапаров 14-ноябрга чейин кызматыны тапшыра турган болду.