Кара-Суу: Жер сатууга айыпталган мурдагы айыл өкмөт башчы аким болгусу келип жатат

Исмаилов. Сүрөт: Turmush

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими кызматына аталган райондун Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Эрмат Исмаиловдун талапкерлиги каралып жатат. Маалыматты Исмаилов өзү «Клоопко» тастыктады.

«Мен талапкерлигимди өзүм сунуштадым. 1-2 күндө чечилет», — деди ал.

Ал эми өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы «Исмаилов аким болуп келет» деп соцтармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбесин айтты.

Ошондой эле Кадырбек кызы анын аким болуп келүүсүнө каршы болгон тургундар 11-ноябрда обладминистрацияга келишкенин кошумчалады.

«Бүгүн эртең мененден баштап “ушул жер саткан мурдагы айыл өкмөт башчысы аким болуп келе турган болсо, анда биз митинг кылабыз” деп жергиликтүү тургундардан үч киши келди. Өкүл Бишкекте болгондуктан биз кабыл алдык, капачылыктарын билдирип кетишти», — деди ал.

«Мыйзамсыз жер саткан» мурдагы айыл өкмөт башчы

Эрмат Исмаиловго 2018-жылы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы менен кошо «мыйзамсыз жер сатуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Анда ал «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага алган эмес.

Буга байланыштуу бир жыл мурда Папандын тургундары Кара-Суу райондук администрациянын алдына нараазычылык билдирип чогулушкан – алар соттолгон айыл өкмөт башчысын кызмат ордуна кайтарган мурдагы аким Тилек Матраимовдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

Ошондой эле, айыл өкмөт башчысынын соттолгондон кийин да кызмат ордунда калганына нараазы болушкан.

Исмаилов коомчулукта мурдагы аким Тилек Матраимовдун «жакын кишилеринин бири» деп айтылып келет.

Ал эми үстүбүздөгу жылдын сентябрында Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары аталган мурдагы айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдыкеримов менен Эрмат Исмаиловдун «мыйзамсыз иштерине» нараазы болушуп, алардын үстүнөн арызданышкан.

Алар мурдагы аткаминерлер аларга бөлүп берилген жерлерди тартып алып жатканын айтышып, алардын «рэкеттери» үйлөрдү бузуп жатканына даттанышкан — соцтармактарга бул тууралуу тасма тарап, анда төрт экскаватор бир нече үйлөрдүн фундаменттерин жана дубалдарын талкалап жатканын көрүүгө болгон.

Ал эми мурдараак аталган айылдын тургуну Сүйүмкан Абитова мурдагы аткаминерлердин кишилери аны сабап кеткенине даттанган. Мындан улам ишти криминалдык милициянын Аймактар аралык башкармалыгы тергеп баштаган. Ошондой эле окуяга Исмаиловдун катыштыгы бар-жогу такталаары айтылган.

Мурдагы аким

Райондун буга чейинки акими Тилек Матраимов 5-октябрдагы толкундоолордон кийин ыйгарым укуктарын өткөрүп бергени айтылган. Ошондой эле башаламандыктар учурунда тургундар администрацияга бастырып киришип, өздөрүнө «жаңы аким катары жеке ишкер Руслан Маматовду» дайындашкан. Бирок абал турукташкандан бери анын милдетин орун басары аткарып жатат.

*Башаламандык учурундагы дайындоолор расмий саналган эмес.

Ошол эле күнү ал Өзбекстан аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылганда чек арадан кармалып, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген.

9-октябрда Ош шаардык соту Тилек Матраимовдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, бир айга УКМКнын Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизген. Бирок сот 15-октябрда Тилек Матраимовду үй камагына коё берген.

Көп өтпөй Тилек Матраимовдун Кара-Суу районунун администрация башчылыгына кайтып келди деген маалымат тараган. Бирок бул маалыматты агасы депутат Искендер Матраимов төгүндөгөн. Ошондой эле, Искендер Матраимов инисинен эки тараптуу пневмония аныкталып, дарыланып жатканын айткан.

Аталган район кыргыз саясаты үчүн абдан маанилүү — анда 440 миңден ашуун адам жашайт. Бул Талас жана Нарын облусунун калкынын санын да көп. Матраимов бул районду сегиз жылдан бери жетектеп келген.