Прокурордун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыковдун ишин сот кайра карайт

Дарийка Калыкова. Садыр Жапаров менен Баткен элинин жолугушуусунан скрин

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы «Клоопко» Мелис Калыковдун иши апелляциялык тартипте каралып жатканын билдирди. Ошондой эле, кезектеги сот отуруму 19-ноябрга белгиленгенин кошумчалады.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыковдун эжеси Дарийка Калыкова «Клоопко» инисинин ишинде көптөгөн дал келбеген жагдайлар бар экендигин билдирди. Анын айтымында, мындан мурунку соттук отурумдарда эске алынбаган, дал келбеген жана жаңы жагдайлар боюнча иш кайра тергелиши керек.

«Биз ишке катыштыгы бар деген алты прокурорго күчүбүз жетпей жатат. Экспертизанын жыйынтыктары бурмаланып, анча-мынча далилдер каралбай келгендиктен, учурда иним “далилденбеген адам өлтүрүү” боюнча күнөөлүү болууда. Мисалы алигиче маркум кайсыл мылтыктан атылганы белгисиз», — дейт Калыкова.

Мындан сырткары Калыкова инисинин иши Ош облустук сотунда каралып жатканына нааразы экенин кошумчалады. Анын айтымында, бул ишке инисинен башка алты прокурордун катыштыгы болуп жаткандыктан, аскердик сот карашы керек.

«Анткени облустук соттордун баарын прокурорлор колго алып алышат экен, биздин аларга күчүбүз жетпей калат экен», — деген пикирин айтат ал.

Ошондой эле, Дарийка Калыкова инисинин кийип жүргөн бушлаты тууралуу маалыматтар бурмаланганын белгиледи. Анын айтымында, экспертизанын жыйынтыгы боюнча окуя болгон күнү иниси канга боёлгон бушлатын кечки саат 5-6лар чамасында өрттөгөн, бирок бул чындыкка дал келбейт.

«Ошол күнү кечки саат 22:12де иним ошол бушлаты менен май куючу жайга келген. Муну ошол жайдагы видеобайкоо жана анда иштеген төрт күбө айтып беришкен. “Кассир, кароол, эки заправщик канга боёлгон эмес бушлаты менен келип, мас абалында бензин алган” деп айтып беришкен. Бирок күбөлөрдүн айткандары эске алынбай жатат», — деди Калыкова.

Калыкова сот дагы бир жагдайды эске алуусу керек деп эсептейт. Анын айтымында, маркумдун сөөгү табылган жерде ичимдиктердин идиштери табылган. Бөтөлкөлөрдөн ошол күнү аңчылыкка кошо барган Эрнис Базарбек уулунун манжа издери аныкталган.

«Айыптоочунун корутундусунда болсо “Базарбек уулунун манжа издери Мелис Калыковду кармаганга негиз” деп берип койду. Мындайча айтканда башка бирөөнүн манжа издери менен башка эле кишини кармаса боло берет деген сөз болуп жатат. Базарбек уулу бул — райондук прокурордун досу болот экен, ар дайым арак сатып келип, шишкебек жасап берчү экен буларга. Арак заводунун өкүлү экен», — деп кейиди эжеси.

«Садыр Жапаровго кайрылуу»

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Баткен облусуна эл менен жолугушканы келгенде Дарийка Калыкова жана анын апасы Гүлбара Абдрашитова кайрылуу жасашкан. Анда Калыкова инисинин иши адилетсиз тергелгендигин жана ишке катыштыгы бар прокурорлор да жоопко тартылуусун талап кылган.

Ал эми Жапаров бул иш боюнча маалыматы бар экенин белгилеп, өз көзөмөлүнө алууну убадалаган.

«Мен бул иш боюнча интернет булактарынан маалыматым бар болчу. Мен өзүм да күмөн санап жүргөм. Учурда азыр башкы прокуратурага жетекчи болуп Курманкул Зулушев келди, мурунку прокурорлорго такыр тиешеси жок адам, мен ошол кишиге тапшырма берип, өз көзөмөлүмө алайын. Бул боюнча жазып алдым», — деп жооп берген.

Ошол эле жыйында Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев да болгон. Ал Калыковдун иши биринчи инстанцияда Ош шаардык сотунда каралып, экинчи инстанцияда Ош облустук сотунда каралып жатканын билдирген.

Прокурордун өлүмү

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү эртеси күнү Төрт-Көл суу сактагычынын жанында табылган. Окуя боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Калыков Баткен прокуратурасынын кызматкерлери менен аңчылыкка барып, Мамажакыпов менен уруша кетип аңчылык куралын колдонгон.

Калыков өзү күнөөнү мойнуна албай келет. Өткөн жылы ал бир жумадай ачкачылык жарыялаган. Анын жакындары маркумдун өлүмүнө Баткен прокуратурасынын кызматкерлеринин да тиешеси бардыгын, алар күнөөнүн бардыгын Калыковго оодарып жатышканын айтып бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан.

Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин маркум жана шектүү менен кошо аңчылыкка барышкан Баткен прокуратурасынын алты кызматкери ээлеген кызматтарынан төмөндөтүлгөн.

Ош шаардык соту Мелис Калыковду 2019-жылдын ноябрында күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге нааразы болгон Калыковдун жактоочулары жана жакындары аппелециялык арыз менен облустук сотко кайрылышкан.