Жогорку сот Икрамжан Илмияновду актаган жок — ал өзгөчө ири өлчөмдөгү көз боёмочулукка айыпталган

Жогорку сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун өкүмүн күчүндө калтырды. Атамбаевдин жакын адамы деп саналган Илмияновду Октябрь райондук соту буга чейин «Ири өлчөмдөгү көз боемочулук» беренеси боюнча жети жылга эркинен ажыратып, кийин Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.

Айыптоочу өкүмгө кассациялык доону Бишкектин прокуратурасы киргизген, бирок Жогорку сот бир аз редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизип, аны күчүндө калтырган. Бул Илмияновдун жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 1-декабрында аяктарын түшүндүрөт. Илмиянов жазасын Молдовановка айылындагы №26 жатак абагында өтөөнү улантат.

Икрамжан Илмиянов деген ким?

Икрамжан Илмиянов — КСДПнын мүчөсү, көп убакыттан бери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «оң колу» болуп эсептелинип келген.

Алгач ал Атамбаев жетектеген «Кыргызавтомашта» иштеп, кийинчерээк 2009-жылга чейин мурдагы президенттин жеке айдоочусу болгон. Ал иштеп жатып жогорку экономикалык билимге ээ болуп, Атамбаевге таандык болгон «Медиа Форум» компаниясында экономист болгон.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин ал ошол кезде Убактылуу өкмөттүн премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп калган. Ал эми 2011-жылы Илмиянов президент Атамбаевдин аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Бул кызматты ал 2015-жылга чейин, тагыраагы «Вечерний Бишкек» басылмасын рейдерлик жол менен басып алуу боюнча айыптоолордун шартында отставкага кеткенге чейин ээлеп турган. Ал өзү ири медиа-холдиң жеке менчигинин ээсинин алмашуусуна тиешеси бардыгын четке кагып, «далилсиз каралоого чыдоо кыйын» болуп калганын билдирген.

Ошол эле жылы Алмамзбек Атамбаев Илмияновду кеңешчиси кылып дайындаган. Бул кызматты Илмиянов 2016-жылдын октябрынын этегине чейин ээлеген. Оставканын расмий себеби катары «башка жумушка өтүү» деп айтылган. Бирок андан кийин илмиянов болгону Көк-бөрү федерациясынын башчылык кызматын ээлеп калган.

Атамбаев 2017-жылы Илмияновду кайрадан коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып алган, ал бул кызматта Атамбаев президенттиктен кеткенге чейин иштеген. Атамбаев кетерден мурда Илмиянов менен дагы бир кеңешчиси Фарид Ниязовду «Манас» ордени менен сыйлап, аларды «жакшы вазир» деп атаган.

Илмияновдун иши

2018-жылдын октябрында Илмиянов Орусияда кармалып, алдамчылык, пара алуу жана башка кылмыштарга айыпталып, Кыргызстанга депортацияланган. Бирок бул айыптоолордун бирөөсү гана далилденген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы президенттик штабынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, 2017-жылдын августунда, «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» жана «сыйакы» түрүндө 150 миң доллар алган. «Сыйакыны» бийлик компаниянын автоунааларын камактан чыгарышы үчүн арналган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылдын октябрында Илмияновду «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Илмиянов мындан тышкары 160 миң сом айыппулга жыгылган. Илмиянов акыркы сөзүндө ага тагылган айыптарды «жүйөөсүз» жана «далилсиз» деп атаган.

2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскарткан. Кийин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жатак-абагына которуу чечимин кабыл алган.