Текебаев Зулпиевге: Сен Жапаровду алдашың мүмкүн, бирок элди алдай албайсың

«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» телеберүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы долбоорун сындады. Текебаевдин айтымында, жаңы Конституцияны кабыл алуу мүмкүн эмес — Баш мыйзамга болгону өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.

Телеберүүгө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева жана Жогорку Кеңештин спикери Мирлан Бакиров катышкан.

Экс-президент Роза Отунбаева буга чейин «Бакиевдин юристи» делген Бектур Зулпиев Конституциянын жаңы долбоорун жазып жатканын айткан. Ал эми Зулпиев бул телеберүүдө Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп жазганын билдирди.

Ошондой Зулпиев 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде «кемчилик бар» деп эсептейт. Анын айтымында, ал беренеде Конституцияга өзгөртүү тартиби гана каралган, ал эми жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу же аны толуктоо тартиби каралган эмес.

«Элдин укугучу? Мисалы эл жаңы Конституцияны кабыл алайын десе эл эмне анда...бул Конституция догма болуп калабы? Өзгөртүү киргизе албайбызбы? Жаңы Конституция кабыл ала албайбызбы эч качан?» — деп суроо узатты Зулпиев.

*Конституциянын 114-беренесине ылайык, Конституцияга өзгөртүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 80ден кем эмес депутаты колдоп, референдумга чыгарышы керек.

Өмүрбек Текебаев да Конституцияда Баш мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу тартиби каралбаганын белгилеп, учурдагы мыйзамга өзгөртүү гана киргизүү керектигин айтты.

«Өзгөртүү, түзөтүүлөр аркылуу бүгүнкү Конституция менен жашашыбыз керек. Мыйзам боюнча жашашыбыз керек. Силер эч ким эмессиңер, орусча айтканда “вы никто”. “Вы никто!” “Каалагандай кылып жасай беребиз, мыйзамды буза беребиз” дей турган силер эч ким эмессиңер», — деди Текебаев.

Бирок Зулпиев Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу «мыйзамга каршы келбейт» деп билдирди. Ал Конституциянын 2-беренеси шилтеме берип, референдумга «мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер» чыгарылат деп белгиледи. Ал эми референдумга чыгарылуучу маселелердин тизмеси «Референдум» жөнүндө конституциялык мыйзамда камтылган.

*Аталган мыйзамга ылайык, референдумга «конституциялык мыйзамдардын, мыйзамдардын долбоорлору, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле мамлекеттик маанидеги башка маанилүү маселелер коюлушу мүмкүн».

«Дагы жалган айтып жатат, ушул автор окшойт! [...] Мына конституциялык мыйзам: болгону “өзгөртүү-түзөтүүлөр киргизилет” деп турат. Ушуга ылайык өтөт деп [Конституциянын] 2-беренесинде жазылып турат. Сен Жапаров менен Ташиевди алдашың мүмкүн, бирок юристтерди алдай албайсың, элди алдай албайсың, тарыхты алдай албайсың! Силерге окшогондордун айынан… Бакиев кайда? Жапаровду ошол жолго түртүп жатасың», — деп жооп кайтарды Текебаев Зулпиевге.

«Ханституция»

17-ноябрда Жогорку Кеңештин расмий сайтында Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Баш мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин 80ге чукул депутаты демилгелегени айтылган.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, ал беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алат. Ошондой эле Баш мыйзамдын долбоорунда «премьер-министр» кызматы «өкмөт башчыга» өзгөртүлгөн, бирок өкмөттү президент жетектейт.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттардын саны 90го кыскартылып, «Элдик курултай» делген жаңы органды орнотуу сунушталууда. Мындан сырткары сөз эркиндигин жана басма сөз эркиндигине коркунуч жараткан жагдайлар да бар.

Көп өтпөй 80 депутаттын ичиндеги айрым депутаттар демилгечи топко кирбегенин, ал тургай долбоорду окуй электигин билдирип чыгышкан. Кээ бирлери жаңы Конституцияга каршы экенин да билдиришкен.

Ал эми көптөгөн саясатчылар жана коомдук активисттер Конституциянын жаңы долбоорун сындап, жаңы Баш мыйзам авторитаризмге алып келиши мүмкүн деп божомолдошууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Ханституция». Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду