Депутат Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын күнөөкөрүнүн мунапысы даттанылды

Ысык-Көл райондук прокуратурасы 25-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун катышуусундагы жол кырсыгына байланышкан райондук соттун чечиминин үстүнөн даттанды. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Анда эки автоунаа сүзүшүп төрт адам көз жумган болчу.

Соттун маалыматына караганда, прокуратура автоунаанын айдоочусу Элдияр Халмурзаевди күнөөлүү деп таап, бирок мунапыс аркылуу бошотуп жиберген соттун өкүмүнө макул эмес. Ушул тапта иштин материалдары облустук соттун төрагасынын кароосунда.

Кырсык учурунда жолтандабастын ичинде шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков болгон. Ал парламент депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин уулу.

Халмурзаевге мунапыс берүү

Ысык-Көл райондук соту 11-ноябрда Халмурзаевди 7 жылга эркинен ажыратып, 3 жылга автоунаа башкаруу укугун чектеген. Ошондой эле 70 миң сом айып салынган.

Ошол эле учурда ага Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс колдонуп, Халмурзаев абак жазасынан бошотулган.

«Сот Аламүдүн райондук сотунун чечими менен эки өспүрүмдүн камкорчусу болгонун жана үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу экенин эске алган. Ошондой эле Халмурзаевдин күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканы, жабыркаган тараптардын пикири жана алардын өкүлүнүн ага карата доосу жоктугун билдиргени эске алынган», — деп билдиришкен ошондо соттогулар.

Жол кырсыгы

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун унаасы катышып, адам өмүрлөрүн алган жол кырсыгы 2019-жылы июлда Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айлынан алыс эмес жерде катталган. Анда Токобековдун BMW X7 унаасы Lexus ES үлгүсүндөгү машина менен сүзүшүп, Lexusта отурган төрт адамдын баары мерт кеткен.

Ысык-Көл ОИИББи 2019-жылдын октябрь айынын этегинде экспертиза өткөрүлүп, анда кроссовер катуу ылдамдыкта баратканы, өз кезегинде бул кырсыкка себеп болгону далилденгенин кабарлаган.

Саатына 60 км ылдамдыкта жүрүүгө уруксаат берилген трассада кроссовер саатына 100-110 км ылдамдыкта бара жаткан. Кроссовердин айдоочусу Элдияр Халмурзаев Каракол шаардык сотунун чечими менен үй камагына алынган.

Рулда Токобеков отурду беле?

Кроссовер чоң ылдамдыкта баратканын, рулда Токобеков отурганын каза болгондордун туугандары июль айында эле билдиришкен. Алардын версиясы боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин депутатытын унаасы кайгуул милициянын кызматкерлеринин талабы боюнча токтобой койгон, ал эми жол кырсыгынан кийин Lexus ES машинасынан видео каттагыч жоголуп кеткен.

Ал эми экинчи тарап кроссовердин рулунда Токобеков отурганын төгүндөп, унааны Элдияр Халмурзаев башкарып баратканын айтышкан. Токобеков менен анын унаасында отурган бир жүргүнчү жол кырсыгынан жабыркап, баш мээси чайкалып, Бишкектин ооруканасына жеткирилген.

Вебкам-ишкер Даниэль Ажиев 2020-жылдын апрель айында соцтармактагы барагында мурдагы досу Токобеков бул жол кырсыгынан улам көз жумган төрт адамдын өлүмүнө күнөөлүү экенин айткан.

Ажиевдин айтымында, авариядан кийин ал депутатка машинадан чыгууга жардам берген. Ал Токобаев ошол түнү мас болгонун айткан.

Жол кырсыгынан кийин Темирлан Токобеков Бишкек шаардык кеңешинин сессияларына бир да жолу катышкан эмес жана журналисттерге бул окуя боюнча бир да комментарий берген эмес.

Ажиев видео-кайрылуусунда эгерде мени менен бир нерсе болсо «Токобеков менен анын атасын күнөөлөгүлө» деп баса белгилеген. Марттын аягында Ажиев кармалып, ага кыргыздарга шек келтирген сөздөрү үчүн «Интернет тармагы аркылуу расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш козголгон. Ажиев 26-майга чейин ТИЗО-1ге киргизилген.

Бул Токобековдун дарегине айтылган биринчи сын-пикир эмес. 2017-жылы ал мектептин иш-чарасына күңүрттөлгөн автоунаа менен келгени үчүн сынга кабылган. Токобеков окуучуларга жол кыймыл эрежелери тууралуу айтып бериши керек эле.