Парламентте ОшМУга Каныбек Исаковдун ысымын берүү сунушталды

Маркум профессор Каныбек Исаков

Ош мамлекеттик университетине окуу жайдын мурдагы ректору жана мурдагы билим берүү министри маркум Каныбек Исаковдун ысымын ыйгаруу сунушталды. Мындай демилгени парламенттин депутаты Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында көтөрдү.

«Көпчүлүк депуттар Исаковдун ОшМУ үчүн кылган дымактуу иштерине күбө болушкан жана ага ыраазычылыктар айтылып келген. Окуу жайга көптөгөн чет мамлекеттерден студенттер билим алууга келип турушат, ОшМУ илимий ишмердүүлүктүн борбору болуп калган. Исаковдун окуу жайга кошкон салымдарын эске алып, анын атын ыйгаруу керек», — деди Акаев.

Профессор, филология илимдеринин доктору Каныбек Исаков 12-ноябрда 51 жашында пневмонияга чалдыгып көз жумган. Анын сөөгү кичи мекени Ноокат районунун Кызыл-Тейит айлында жерге берилген.

Исаков 2019-жылдын сентябрында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган болчу. Бийлик алмашкандан кийин президенттин милдетин ошол кезде аткарган жана премьер-министр болуп турган Садыр Жапаров Исаковду кызматтан 14-октябрда алган. Ага чейин ал Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп турган. ОшМУну ал сегиз жыл жетектеген жана «Жылдын ректору» наамына татыган.

Тема боюнча:

Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков көз жумду

Ошто мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков эскерилди

Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун сөөгү жерге берилди