Жалал-Абад мэриясынын кызматкери пневмониядан каза болду

Маркум Карим Токтораев. Сүрөт: Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси Карим Токторбаев 14-декабрда эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Ал 61 жашта болчу.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, маркум акыркы бир жумадан бери пневмониядан абалы оорлошуп, Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жаткан.

Буга чейин 6-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Садыр Айтпаев да эки тараптуу пневмониядан каза болгон.

Кийинчерек мурунку мэр Мураталы Тагаевден да коронавирус аныкталып, буга байланыштуу мэрияда иштеген бардык кызматкерлерден анализ алынган. 50 кызматкердин ичинен үч кызматкерден COVID-19 аныкталып, кызматкерлер аралыктан иштөө режимине өтүшкөн.

15-декабрга карата өлкө боюнча коронавирус 77 910 адамга жукту. Ал эми Жалал-Абад облусунда өпкө илдетине 9 599 киши чалдыгып, анын 8971и сакайды. Ошондой эле 68 киши коронавирустан көз жумду.