БШК Кара-Сууда шайлоочуларды коркутуу фактысы боюнча териштирүүнү баштады

Борбордук шайлоо комиссиянын ыкчам тобу Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Киров айылында шайлоочуларды коркутуу фактысы боюнча арызды карап, териштирүүнү баштады.

Буга чейин «Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 2-январында Киров айылында катталган бузуу тууралуу БШКга кайрылган. Маалыматка ылайык, чымыр денелүү белгисиз кишилер айылдагы үйлөрдү кыдырып, президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодо «көпчүлүк добуш алып өтпөй турган болсо, физикалык күч колдоно тургандыгын айтып» шайлоочуларды коркутушкан.

Бул тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы милиция жана Башкы прокуратурага кабарлады.

Аталган райондо 440 миңден ашуун калк жашайт — бул Талас жана Нарын облустарынын калкынын санынан да көп, дээрлик Ысык-Көл облусунун калкы менен барабар. Буга чейинки парламенттик шайлоодогу үгүт учурунда «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Төлөнбай Нурбаев Кара-Суу району «маанилүү» болгонун айтып, депутат Асылбек Жээнбеков шайлоо бүткүчө аймакта боло турганын билдирген.

Мындан сырткары аталган аймакта шайлоого байланыштуу көптөгөн мыйзам бузуулар катталган. Мисалы шайлоого эки күн калганда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүттөөчүсү 313 миң сом акча менен добуш сатып алууга шектелип кармалган.

Ошондой эле, соцтармактарда «Мекеним Кыргызстандын» мурдагы талапкери, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапованын ар бир мугалимден «10 шайлоочудан алып келүүнү» талап кылган аудиожазуу тараган. Машрапова бул маалыматты четке каккан, анткен менен милиция бул окуя боюнча териштирүүнү баштаган.