Ош ОИИБи: Кара-Сууда шайлоочуларга коркутуулар болгон эмес

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда «шайлоо боюнча эч кандай коркутуп-үркүтүүлөр болбогонун» билдирди. Анткен менен милиция коркутуу тууралуу «жалган маалымат» тараткан кишини издеп жатат.

Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери президенттикке талапкер Садыр Жапаров көп добуш алышы керек делген маалымат боюнча Сарай аймагындагы 20дай жашоочудан түшүнүк кат алышкан. Алардын баары «эч кандай коркутуу болбогонун» билдиришкен.

Бирок БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева 5-январда фонддун өкүлдөрүнө Кара-Суу РИИБи тарабынан басым болуп жатканын айтып чыккан. Анын айтымында, милиция кызматкерлери фонддун өкүлүн РИИБге келип тосмо арыз жазуусун талап кылышкан.

«Кара-Суу милициясы ким үчүн иштеп жатат? Алар мыйзамдуулук тараптабы же мыйзам бузуучулар тарабындабы?» — деп суроо салган ал.

Ал эми ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев аталган маалыматты четке кагууда.

«Фонддун өкүлдөрү коркутуу боюнча маалымат WhatsApp аркылуу келгенин айтышты. Алардан ал кишини тактайлы деп чакырсак, тергөөгө так айтпастан “бизди коркутуп, тосмо арыз жазгыла деп жатат” деп дагы жалган маалымат чыгарып жатышат», — деди ал.

Буга чейин «Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 2-январында Киров айылында катталган бузуу тууралуу БШКга кайрылган. Маалыматка ылайык, чымыр денелүү белгисиз кишилер айылдагы үйлөрдү кыдырып, президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодо «көпчүлүк добуш алып өтпөй турган болсо, физикалык күч колдоно тургандыгын айтып» шайлоочуларды коркутушкан.

Мындан соң БШКнын комиссиясынын ыкчам тобу бул боюнча териштирүүнү баштаган, ошондой эле аталган факт 3-январда Кара-Суу РИИБинде катталган.

«Маанилүү аймак»

Кара-Суу районунда 440 миңден ашуун калк жашайт — бул Талас жана Нарын облустарынын калкынын санынан да көп, дээрлик Ысык-Көл облусунун калкы менен барабар.

Буга чейинки парламенттик шайлоодогу үгүт учурунда «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Төлөнбай Нурбаев Кара-Суу району «маанилүү» болгонун айтып, депутат Асылбек Жээнбеков шайлоо бүткүчө аймакта боло турганын билдирген.

Мындан сырткары аталган аймакта шайлоого байланыштуу көптөгөн мыйзам бузуулар катталган. Мисалы шайлоого эки күн калганда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүттөөчүсү 313 миң сом акча менен добуш сатып алууга шектелип кармалган.

Ошондой эле, соцтармактарда «Мекеним Кыргызстандын» мурдагы талапкери, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапованын ар бир мугалимден «10 шайлоочудан алып келүүнү» талап кылган аудиожазуу тараган. Машрапова бул маалыматты четке каккан, анткен менен милиция бул окуя боюнча териштирүүнү баштаган.