Чүйдө УШКнын мүчөлөрү «Клооптун» журналистинин телефонун тартып алды

Чүйдүн Аламүдүн районунун Садовое айылындагы №7182 шайлоо участкасынан «Клооптун» атайын кабарчысы Дилде Шатанованын телефонун участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү тартып алып, ичиндеги сүрөттөрдү жана видеолорду өчүрүп салды. Бул учурда Шатанованын жанындагы журналисттер Актилек Каримбеков менен Нурмат Мамбетовдун телефонун ал жерде кезметте турган милиционер тартып алган.

«Милиция жанымдагы байкенин телефонун тартып алып, өчүрүп салды. Мен сыртка чыгып бараткам, бир эже алдыман тосуп “Эч жакка чыкпайсың!” деп туруп алды, артымдан эки эже келип, телефонду тартып алды. Ичиндеги сүрөт, видеонун бардыгын өчүрүштү», — деди ал.

Шатанова аталган шайлоо участкасында мыйзам бузууларга күбө болушпаганын, болгону абал тынч экенин гана белгилеп, сүрөт видеого тартышканын айтты.

«Биз абал тынч экен деп тартып жатканбыз. “Тартканга болбойт, силерге ким уруксат берип жатат?” деп эле биздин ишибизге тоскоолдук кылышты», — деди Шатанова.

Буга чейин «Клооптун» кабарчылары жана байкоочулары Токмок жана Ош шаарында добуштарды сатып алуу жана шайлоочуларды тизмеге алып жатканын кабарлашкан.

Андан сырткары шайлоо участкаларына кишилерди маршрутка менен ташып келип жаткан учурлар дагы катталууда.

Бүгүн, 10-январда, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен мамлекетти башкаруу формасын аныктай турчу референдум өтүүдө. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда.

ТЕМА БОЮНЧА

Ош: «Клооптун» байкоочуларына сүрөт жана видеого тартууга уруксат бербей жатышат

Роза Отунбаева кезексиз президенттик шайлоону «кырсык шайлоо» деп атады