Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы үй камагына чыгарылды

Замир Турганбаев. Скриншот "АКИпресс" басылмасынын тасмасынан жасалды

Ош облустук сотунан Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев 6-мартка чейин үй камагына чыгарылганын билдиришти.

УКМК 6-январда Замир Тургунбаевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеп кармаган. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, айыл өкмөт башчы Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкталган орто мектептин курулушунда жалпы суммасы 24 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмүн ашыкча көрсөткөн.

Ошондой эле ал жеке жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга бергени айтылат.

Парламенттик шайлоодон кийинки төңкөрүлүштөн кийин УКМК райондун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевдин иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзгөн. Көп өтпөй Сайпидинов комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайырылып, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын билдирген.

Ал эми Ташиев Сайпидиновду кабыл алгандан кийин, УКМК «саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбей» турганын билдирген. Анын эртеси күнү Савай айылынын депутаттары Сайпидинов аларды коркутуп, басым жасаганына даттанышкан.

Алардын айтымында, Сайпидинов айылдагы курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен мыйзамсыз акча бөлдүрүп жүргөн. Айыл өкмөт башчы бул айыптарды четке каккан. Бирок Сайпидинов атайын кызмат тарабынан 11-январда кармалган. Комитеттен айылдагы мектептин спортзалын курууда 1 млн сомдон ашуун суммадагы ишти ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды деп билдиришти.

Ал эми Сайпидинов айрым жооптуу адамдар менен биргеликте, көрсөтүлгөн объектти сапатсыз аткарылганына карабай пайдаланууга бергени белгилүү болду.