Райымбек Матраимовдун иши сотко өттү. Алгачкы сот процесси жакында башталат

Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши келип түштү. Бир катар ЖМКлардын маалыматына караганда, алгачкы сот отуруму 3-фералда өтөт.

«Клооп» бул маалыматты тактоо үчүн сот отурумунун убактысын, ал ЖМКлар үчүн ачык өтөбү же жогун билүү үчүн Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Бирок, материал жарык көрөр алдында бул боюнча комментарий ала алган жокпуз.

Матраимовго бажы тармагындагы туруктуу коррупциялык схеманы түзүү айыбы тагылган. УКМКнын версиясы боюнча, коррупциялык схемадан мамлекетке 2 млрд сом зыян келтирилген.

Мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Ошол эле мезгилде, Матраимов кармалып, тергөө менен кызматташуу келишимин түзгөн учурда өлкөдө ошол учурдун премьер-министринин м.а. Садыр Жапарводун убактылуу бир айлык мөөнөттүк экономикалык мунапысы дагы, 2021-жылдын 5-январында мыйзамдаштырылган 15-берене боюнча туруктуу экономикалык мунапыс дагы күчүнө кире элек болчу.

Мындан кийин Матраимов өлкөдөн чыгып кетти деген маалымат пайда болгон, бирок анын агасы жана парламенттин депутаты Искендер Матраимов аны төгүнгө чыгарган.

«Райымбек Матраимов Кыргызстанда, эч жакка кеткен жок», — деп айткан ал.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

УКМКнын маалыматы боюнча, тергөө анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.