Абдил Сегизбаевди колдоп чыккандар менен жубайын милиция кармап кетти

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Бишкектеги Улуттук филармониянын алдына чыккан тарапташтарын жана жубайы Айнура Сегизбаеваны милиция кармап кетти. Бул тууралуу Сегизбаевдин фейсбук баракчасында 28-январда жарыяланды. Анда митингчилерди Ленин РИИБдин кызматкерлери алып кеткени белгиленет.

«Азаттык» басылмасы камакка алынган Сегизбаевди колдоо максатында эртең мененки саат тогуздан баштап ондой адам филармониянын алдына пикетке чыгышканын маалымдады. Шаардык ички иштер бөлүмү маалымат бере элек.

Сегизбаевдин тарапташтары мындан бир күн мурун да Аскер прокуратурасынын алдына митингге чыгышкан. Анын жактоочусу Кантемир Турдалиевдин айтымында, ага жана анын кардарына УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча маалымдама берилген эмес.

Буга чейин Сегизбаевдин «Коррупцияга» шектелип жаткандыгы кабарланган. Ал 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Эки күндөн соң Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы жана 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин мыйзамсыз түрдө өз наамына өткөрүп алуу боюнча шектелип жатат.

Тема боюнча:

«92 жер тилке». Абдил Сегизбаев коррупцияга шектелип жатат

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» иши боюнча кармалды

Абдил Сегизбаев эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди