2020-жылы коңшу өлкөлөр менен чектешкен чек араларда 12 окуя катталды — Чек ара кызматы

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 2020-жылы Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон чек араларында 12 жаңжал катталганын билдирди.

Алардын ичинен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 9, кыргыз-өзбек тилкесинде 3 окуя катталган.

Мамлекеттик чек араны бузганы үчүн 165 адам кармалган. Алардын ичинен мамлекеттик чек аранын тартибин бузган 41 адам, чек ара режимин бузган 62 адам кармалган.

Жыл ичинде мамлекеттик чек ара аркылуу 7,7 млн адам, 860 миң унаа өткөн.

Чек арачылар 55,5 млн сомдук аткезчилик товарларды кармаган. Мындан тышкары, ЕАЭБдин ичинде жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүүнүн 53 учуру катталган. Алардын суммасы 96 млн сомду түзөт.

Анткен менен чек ара кызматынан мамлекеттик чек арада 2020-жылы абал «туруктуу» болгонун айтышты.

«2021-жылы чек ара чырлары чыгып кетүү, мамлекеттик чек араны жана анын режимин бузуу мүмкүндүгү жогору болгон багыттарга көңүл буруш керек, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен мамлекеттик чек арада жана алардын деэскалациясында чырдын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттешүүнү күчөтүү зарыл», — деп айтты кызматтын төрагасы Уларбек Шаршеев.

Ал башка мамлекеттик органдар мене6н бирге аткезчиликке каршы турууну ведомствонун артыкчылыктуу багыты деп белгиледи.

Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралар

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 километрди түзөт. Анын ичинен 1170 км же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 9 талаштуу аймак бар, анда маал-маалы менен эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар чыгып турат.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, алардын ичинен 519 километри такталып, демаркацияланган, калганы такталбаган бойдон калууда.

Такталбаган чек ара тилкелери чек арага жакын жайгашкан айылдардагы көптөгөн жаңжалдарга себеп болот — суу талаш, жер талаш, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү.

Кыргыз-тажик чек арасында 2020-жылдын май айынан июнь айына чейин эле курал колдонулган бир нече чыр чыккан.

2-июнда Баткен облусунун Эки-Таш аймагында белгисиз адамдар кыргызстандык жарандын унаасына ок атышкан. Айдоочу октон жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

31-майда такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагын талашуудан улам чыр чыккан. Кадамжай районунун Чечме айылынын жана Сох анклавынын Чашма анклавынын тургундарынын ортосунда таш ыргытуу болгон.

Ошондой эле, эки мамлекеттин жарандарынын үйлөрү жана курулуштары өрттөлгөн. Чырдан улам бир нече кыргызстандыктын автоунасы жабыр тарткан.

Дагы бир жаңжал 24-майда катталган, анда дагы ок атышуу болгон. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон эмес. Ал эми Тажикстандын бийлиги бир чек арачысына ок тийгенин билдирген.

Дагы бир окуя 8-майда орун алрган. Анда эки өлкөнүн тургундары такталбаган жер тилкесин талашып уруша кеткен.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, сүйлөшүү жана түшүнүдүрүү иштери жүрүп жатканда тажик тарап күтүүсүз жерден минометтон аткан. Анда тажик өкмөтү окту биринчи кыргыз тарап аткан деп айтып чыккан.

Жыйынтыгында кыргызстандык үч чек арачыга ок тийип, бирөөсү жеңил жаракат алган. Тажик тарап бир аскер адамы жана бир жай тургун жаракат алганын билдирген.

Садыр Жапаров 14-ноябрда УКМК менен Чек ара кызматын бириктирген. Мындай кадамын «мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз ташылып келишине каршы күрөшүүнүн жогорулатуу» максатында деп түшүндүргөн.

2020-жылдын ноябрь айында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жетекчиси болуп дайындалган.

2019-жылы дагы чек ара чырлары болуп турган — бир нече жолу кыргызстандыктар айылдарынан убактылуу эвакуацияланууга аргасыз болгон. Кагылышуудан улам эки жактан тең каза болгондор да аныкталып турган.