Матраимовдордун фондуна Бишкек менен Кара-Суунун башчылары ыраазычылык билдирди

Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Исмаил Ата» кайрымдуулук фондуна Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Капар Адиев «Ыраазычылык баракчасын» тапшырды. Анда аталган фонд пандемия учурунда Кара-Суу районунун аймагында коронавирус менен күрөшүүдө жана ооруну алдын алуу иштерине салым кошкону үчүн сыйланганы жазылган.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев да «Исмаил ата» фондуна «пандемияда активдүү жарандык позициясы жана шаардыктарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык» билдирди.

Матраимовдордун фондунун «шек туудурган» жардамы

«Исмаил Ата» фонду 2020-жылы 29-мартта Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына коронавирусту аныктаган 10 миң экспресс-тест тапшырган. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигине да COVID-19ду аныктаган 15 миң даана ыкчам тест берген. Кийинчерээк бул тесттердин сапаты коомчулукта шек жараткан.

Анткен менен Ооруларды алдын алуу жана санитардык–эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Лабораториялык изилдөө борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова Матраимовдор тапшырган тестти Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзү сунуштап жатат деп белгилеген.

Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова да «ПолитКлиника» басылмасына ДССУ аталган фонд берген 15 миң даана экспресс-тестти сунуштабаганын билдирген.

Ошондой эле, «Исмаил Ата» фонду Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун, Жалал-Абаддын Сузак жана Аксы райондорунун, Баткен облусуна жана Ош шаарынын жашоочуларына, Нарын жана Чүй облустарынын тургундарына ун, өсүмдүк май жана беткап акысыз тараткан.

Мындан сырткары, фонд коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган мамлекеттик эсепке 10 млн сом бөлгөнүн кабарлаган. Бирок Искендер Матраимов мынча акча фондго кайдан келгенин ачыктаган эмес. Бирок фонд Мамлекеттик салык кызматы менен Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү республикалык штабына отчёт берээрин белгилеген.

Матраимовдун байлыгы тууралуу иликтөө

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдө эң таасирлүү кландардын бири. 2019-жылы OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооп» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деген журналисттик иликтөө чыгарышкан.

Иликтөөдө бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланышы тууралуу айтылат. Абдукадыр Кыргызстан аркылуу Кытайдан Борбор Азияга жана Орусияга кетчү көмүскө жүк ташуу империясын түзгөн.

«Азаттык радиосу» жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор» аталыштагы иликтөөдө Саймаити Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна ири сумма которгонун айткан. Ал көрсөткөн документтерде ар башка жети операция аркылуу кайрымдуулук фонго 2,3 млн доллардан ашык акча которгону айтылган.

Бирок Искендер Матраимов туугандары жана фонд Саймаити менен байланыштуу экенин төгүндөп, фондго 200 миң доллар которушканын тастыктаган. Анткен менен акча жөнөтүүчүнүн аты-жөнүн айтуудан баш тарткан. Анткен менен, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы акчаны Саймаитинин жубайы жибергенин билдирген.

Журналисттердин маалыматчысы — ноябрда киши колдуу болгон Айэркин Саймаити — Абдукадырдын бизнесинен 700 млн долларынын изин жашырууга жардам бергенин мойнуна алып, Матраимов бажыдагы коррупцияны калкалаганын билдирген. Өз кезегинде бул Абдукадырдын көмүскө бизнесинин иштешине мүмкүндүк берген.