Бажыдагы коррупцияга айыпталган Матраимовдун иши боюнча сот жылды

Райымбек Матраимов. 9-февраль Биринчи май райондук соту. Сүрөт: Токтосун Шамбетов / Azattyk

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 9-февралда коррупцияга айыпталган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу отурум өтүшү керек эле.

Судья келгенден кийин бөлмө тар болуп калгандыктан алмаштыруу үчүн журналисттер сыртка чыгарылган. Бирок ЖМКнын өкүлдөрү чыккандан кийин эле эшик дароо ичинен жабылган.

20 мүнөт өткөндөн кийин отурумга келгендердин баары чыгып кетишкен. Ал эми Матраимовдун адвокаты Мадина Ниязова сот башка зал табылбай, иш күнү бүтүп калгандыктан жылдырылганын айтты. Ошондой эле ал журналисттерди отурумдун болушуна тоскоолдук жараттыңар деп айыптады.

«Иш күнү бүттү. Болду. Отурум убагында башталбагандыктан жылды, мен силерге айттым эле го [журналисттер] тоскоолдук кылып жатасыңар деп», — деди Ниязова.

Райымбек Матраимов өзү журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Ал эми Биринчи май райондук сотунан экс-бажычынын ишине боюнча отурум кайсы күнгө жылганы азырынча белгисиз дешти.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Ал эми АКШ Матраимов жана анын жубайы Аманда Тургунованы «Магнитский тизмесине» киргизген. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Тургунова фамилиясын Сулаймановага өзгөрткөн.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.