Муфтийдин милдетин аткаруучу болуп Жоробай Шергазыев дайындалды

Жоробай Шергазыев. Сүрөт: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы

Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу болуп Жоробай Шергазыев дайындалды. Бул тууралуу дин башкармалыгынан маалымдашты.

Шергазыев 2016-жылдан бери муфтийдин орун басары болуп иштеп келген. Ошондой эле, он жылдан бери Кыргызстан ислам университетинде ага окутуучу болуп эмгектенет.

Шергазыев мифтийлик милдетти 5-апрелге чейин аткарат. Мындан бир күн мурун Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жыйыны өтүп, 5-апрелде курултай өткөрүү чечими кабыл алынган.

«Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир өтөт. Курултайда муфтий, Аалымдар Кеңеши жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы делегаттар тарабынан ачык добуш менен бекитилет», — деп жазылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Буга чейинки муфтий Максат Токтомушев 10-февралда кызматынан баш тартуу боюнча арыз жазган. Ошол эле күнү кечинде УКМК Токтомушевди муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар деген негиз менен кармаган. 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди бошотууну талап кылышкан.

12-ноябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде үй камагына чыгарган.

Мындан сырткары, муфтияттын башкы эсепчиси да УКМКнын кызматкерине ири өлчөмдө «пара берип» жатканда кармалганы айтылган. Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, УКМКнын тергөө абагына эки айга камоо чечимин кабыл алган.

Тема боюнча:

«100 миң доллар». УКМК муфтияттын бухгалтерин «пара берип жаткан» учурда кармады

Пара чуусунун шартында муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кеттүү арызын жазды

УКМК: Муфтий Максатбек Токтомушев каржылык мыйзам бузууга байланыштуу кармалды

Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев үй камагына чыгарылды