Бакыт Рыспеков: Матраимовдун кан басымы көтөрүлдү, Абылгазиев ачкачылык жарыялаган эмес

Мухаммедкалый Абылгазиев / Райымбек Матраимов

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рыспеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна барды. Ал жерде экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана экс-бажычы Райымбек Матраимов кармалууда.

Рыспеков УКМКнын тергөө абагына Абылгазиев ачкачылык жарыялады деген маалыматтан кийин барган. Борбордун жетекчиси «Азаттыкка» курган маегинде Абылгазиев ачкачылык жарыялабаганын билдирди.

Ал ошондой эле, Матраимовго да жолукту — экс-бажычы текшерүүчүлөргө кан басымы көтөрүлүп жатканын айтып берген. Эки шектүү тең ТИЗОдогу шарттарга жана кызматкерлерге дооматтары жок экенин билдиришкен.

Атайын кызмат Абылгазиевди «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектеп, 26-январда кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Абылгазиев премьер болгон кезинде «Кумтор Голд Компани» ишканасына кошумча жер бөлүп берген.

Натыйжада Кумтөр алтын кенинин аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарга жетип калган. Ал аянтка мөңгүлөр менен корук жерлер дагы кирет. Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-январда экс-премьерди эки айга камакка алган.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектелип, 18-февралда кармалган. Буга чейин Матраимов Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчилери Нурлан Раджабалиев жана Абдыбахаб Боронбаев менен биргеликте бажыдагы коррупциялык схемаларды түзүүгө күнөлүү деп табылып, ар бирине 260 миң сомдон айып салынган.

Мындай өкүмгө бажычылар тергөө менен кызматташууга барып, мамлекетке келтирген зыянды ордуна келтирүүсү себеп болгон. Матраимов 2 млрд сом, Раджабалиев 12 млн, ал эми Боронбаев 8 млн сом казынага төгүшкөн.

Биринчи май райондук соту 20-февралда Матраимовду УКМКнын тергөө изоляторуна киргизген. Ал эми Матраимовдордун тарапташтары бул чечимге нааразы болуп, Бишкек шаарында жана Кара-Суу районунда митингге чыгышкан.