Жапаров: АКШ Көлбаев наркотик ташыганын далилдеген фактыларды бербей жатат

Президент Садыр Жапаров 15-мартта АКШ кыргыз өкмөтүнө кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баңгизат сатууга тиешеси бар-жогунун далилдерин бере элек деп билдирди. Бул тууралуу президент «Азаттык» үналгысына курган бир сааттык маегинде айтты.

Жапаров Көлбаевге каршы далилдерди алыш үчүн Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШ элчилигине кайрылганын билдирди.

«Ошол эле мезгилде, мен Тышкы иштер министрин [АКШ элчилигине] жаздырдым, кылмышын берсин, фактыларын-далилдерин берсин бизге, биз ачык соттоп берели. [...] Эгер [Көлбаевди] соттобой койсок, же карабай койсок, анда айтса болот эле. Эми ал [Камчы Көлбаев] башында “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен камалган экен, азыр бир нече сумма акча төккөн экен, калганын да төгүп берем деп чыгып, төгүп берип жатат. "Ал киши өлтүргөн жок, ал наркобарон, наркотик ташыган фактылары бар” деп АКШ айтып жатат. “Фактылары болсо, бер” десек, бербей жатышат», — деп Жапаров билдирди.

Президент АКШ Кыргызстандагы кылмышка шектүүлөргө карата кош стандарт саясатын жүргүзүп жатат деп белгиледи. Өлкө башчысынын айтымында, АКШ Көлбаев менен бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптаганы менен, экономикалык кылмыштарга айыпталган мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди өткөрүп бербей жатат.

Жапаров АКШнын аймагында кыргызстандык башка саясатчылар дагы жашынып жүргөнүн кошумчалап, бирок алардын аттарын ачык айткан жок.

Көлбаев деген ким?

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт. Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал.2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Ал Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң эле таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал 2012-жылы кылмыштуу топту уюштуруу, баңгизат сактоо, бийликтин өкүлүнө карата зомбулук кылуу жана адам уурдоо айыптары боюнча кармалган.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналистттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан.

Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсуңдө мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет. УКМКнын башчысынын айтымында, күч органдары «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев эркиндикте жүргөндө УКТнын башка мүчөлөрүн кармоого кирише албай жатышкан.

Мурда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутатттыка талапкерлигин көрсөткөн ИИМдин экс-башчысы Өмүрбек Суваналиев 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого катышкан таасирлүү партиялардын артында дал ошол Көлбаев турганын айткан.

Дагы караңыз: Райым Миллион жана Коля Кыргыз. Экс-бажычы менен кримтөбөлдүн байланышы

Ошондой эле, 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаровдун Көлбаев менен байланышы болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Бул премьер-министрдин милдетин аткаруучуну шайлоо учурунда бир катар депутаттар УКТ тарабынан кысым көрсөтүлдү деп билдиргенден кийин айтылган. Анда бул кызматка Жапаров дайындалган.

Бирок Жапаров өзү кримтөбөл менен кандайдыр бир байланышы бар деген маалыматты төгүндөгөн.

Акыркы жолу Камчы Көлбаев 2020-жылдын октябрында кармалган. УКМК Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген.

Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталууда. Ноябрда ал №47 түзөтүү абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Андан соң 2-мартта Бишкек шаардык соту Көлбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны эч жакка кетпөө шарты менен бошоткон.

Кийинчерээк, «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында Көлбаевдин туугандары мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 49,6 миллион сом өкмөттүн эсебине которгону маалым болгон. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бул иш боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 250 миллион сомдон ашык.

«Тергөөнүн алкагында, мыйзамсыз кирешенин калган бөлүгүн тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке кайтарып берүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлөт», — деп билдирген УКМК. Атайын кызмат «иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу коомчулукка өз убагында жеткирип турат» деп кошумчалаган.

Көлбаев камактан бошотулгандан кийин АКШ элчилиги билдирүү жасап, «баңги заттарын сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иш-аракеттери менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчыбек Көлбаевдин бошотулгандыгына» терең тынчсызданаарын айткан.

Бул билдирүү менен кошо АКШнын Мамдепартаменти Камчыбек Көлбаевдин кармалышына жана/же соттолушуна алып келген маалымат үчүн жана Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн сыйлыктын өлчөмү 5 миллион долларга чейин көбөйткөн.