Ош: Журналисттерге кол салган Жолдошов «Ата-Журт Кыргызстандан» талапкер болду

«Клооптун» журналисттерине кол салган Достук Жолдошов Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкер болду. Ал буга чейин «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштанды талаасын жетектеген. Кол салуу чырынын шартында иштен алынган.

Жолдошов бир жыл мурда да шаардык кеңешке «Биримдик» партиясынан талапкерлигин койгон болчу. Бирок шайлоо пандемияга байланыштуу жылдырылган эле.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдиктин» расмий өкүлү катары Ош шаарындагы №5316 шайлоо участкасында иштеген. Шайлоо күнү «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго жана журналисти Айбике Адилет кызына аталган участокто кол салуу болгон.

Журналисттерге белгисиз эки киши түз эфирге чыгууга тоскоолдук кылып, алардын телефонун тартып алууга аракет жасаган. Ошол эле күнү журналисттер кол салгандардын бири Оштун полигон башчысы Достук Жолдошов экенин аныкташкан.

Ал эми экинчи кол салган киши «Манас» аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов экени белгилүү болгон.

Аталган факты Ош ШИИБинде катталып, «Журналисттин ишмердигине тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейин өндүрүш башталган. Бирок тергөөчү оператордун ишин 31-октябрда эле кыскартып салган. Ал эми Адилет кызынын ишин башка тергөөчү 31-декабрь күнү өндүрүштөн кыскарткан.

«Клооптун» кызматкерлери тергөөчүнүн ишине канааттанбагандыктан ишти өздөрү иликтеген болчу. Анда Жолдошов №5316 участогунда «Биримдик» партиясынын өкүлү болгону тастыкталган.

Иликтөө чыккан соң, 6-январда , журналисттерге кол салуу боюнча иш шаардык сотто каралган. Анда Узаковдун да, Адилет кызынын да иши кайрадан тергелмей болгон.

Достук Жолдошов деген ким?

Достук Жолдошов 31 жашта, грэпплинг боюнча Орто Азиянын чемпиону. Ал буга чейин «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштанды талаасында директор болгон.

Кызматка аны устаты — «Кличко» каймана аты менен таанымал эрежесиз эр уруш мушкери, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов алып келген.

Журналисттерге кол салуу боюнча чырдын алкагында, 24-декабрь күнү, Жолдошов кызматынан кеткен.

«Биримдиктен» «Ата-Журт Кыргызстанга»

Жолдошов бир жыл мурда «Биримдик» партиясынан шаардык кеңешке талапкер болуп, бул жылы «Ата-Журт Кыргызстандан» аттанган жалгыз талапкер эмес. Алардын арасында Жолдошовдун устаты, «Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов, «Ош көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын жетекчиси да бар.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы коомчулукта УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылып келет. Ошондой эле аталган партия «өздөрүн бийликчил деп атап, Ош шаардык кеңешке ат салышып жаткан башка партияларга кысым көрсөтүп жатканы» айтылган.

Мындан сырткары Оштогу төрт партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптап, партия менен таза шайлоо өткөрүү тууралуу меморандумга кол коюудан баш тартышкан болчу.

Юстиция министрлигинин сайтында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган. Ал эми Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылы депутат болгон.

Ошондой эле, Маткеримов 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Камчыбек Ташиев болсо шайлоодо «Мекенчил» партиясын баштап барган.

Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койду.

«Биримдик» жана мушкерлер. Ошто шайлоодо журналисттерге кимдер кол салган?