Ноокен райондук соту окуучу кызды зордуктаган кишини өмүр бою эркинен ажыратты

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы / Фоторобот: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 16-июлда он жаштагы кызды зордуктаган эреке кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облусттук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

20 жаштагы айыпталуучу «Зордуктоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын жактоочусу биринчи инстанциянын чечими менен макул болбой, аппеляциялык даттануу менен Жалал-Абад облусттук сотуна кайрылды.

Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына үстүбүздөгү жылдын 28-январында 3-класстагы кызын 20-25 жаштагы бала зордуктады деп аталган райондун тургуну кайрылган. Өз арызында ал окуя кызы мектептен кайтып жатканда болгонун билдирген.

Милиция шектүүнү издөөгө жарыялап, аны 5-февралда кармаган. Ошол эле күнү анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жал баланын ички кийими табылган. Жабырлануучу кыз шектүүнү тааныган. Буга байланыштуу сот кармалган кишини эки айга тергөө абагына киргизген.

Жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык зомбулук

Жарым жыл мурун Ноокен районунда 9 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого айыпталган 57 жаштагы киши эки жылга эркинен ажыраган. Айыпталуучу күнөөнү мойнуна толугу менен алган.

Ал эми 2019-жылдын январь айында Ош облусунун милициясы өспүрүм кызыны зоруктап жүргөн кишини кармаган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, айыпталуучу кызын жубайы каза болгондон кийин зордуктап баштаган. Тергөө убагында соттолуучу кызын бир жылга жакын убакыт «зордуктап жүргөнүн» мойнуна алган. Натыйжада сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36ы өзгөчө оор жана 2248и жеңил.

Ошондой эле жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталды. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийин Бишкекте — 33, Ош шаарында — 27, ал эми Ысык-Көл облусунда 26 учур катталган.