Бейшеналиев элди эмдөөдөн өтүүгө үндөдү, бирок аконит да колдонсо болорун айтты

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-апрелде Иммундаштыруунун Европа жумалыгына арналган брифингде кайрадан уу коргошун темасын козгоду.

Министрликтин башчысы брифингде кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Журналисттер Бейшеналиевдин сөзүндө карама-каршылыктар жокпу деп сурашты, себеп дегенде буга чейин ал оорулууларды коронавирустан уу коргошундун кайнатмасы менен дарылоого үндөгөн болчу.

«Эгерде журналисттер дарылоо менен эмдөөнүн айырмасын билишпесе, анда жөнөкөй элге кантип түшүндүрсө болоорун элестетип көргүлө. Эмдөө — бул алдын алуу, ал эми дарылоо деп ооруп калган адамды дарылоону айтат. Мунун баары бири-бирине карама каршы келбейт, тескерисинче, колдойт. Эгер вакцинация кылсак, адамдар оорубайт. Биз аконит жана башка каражаттар менен дарылоодон баш тарткан жокпуз. ДССУда айтышкандай, Франция, Бельгия, Орусиянын айрым аймактарында аконит миңдеген жылдар бою колдонулуп келген. Бизде, Кыргызстанда да байыртадан бери колдонулуп келет. Бүгүн саат 14:00де президент өзү аконит маселеси боюнча интервью берет», — деп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри жооп берди.

Бир аздан кийин эле президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек министр Бейшеналиевдин аконит боюнча президент маалымат жыйын өткөрөт деген сөзүн төгүндөгөн. «Бул анын фантазиясы. Президент бүгүн жыйын курбайт. Анын графигинде буга убакыт бөлүнгөн эмес», — деп ал журналисттерге айтты.

Уу коргошун менен дарылоо

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон. Аны медицинада, ал тургай териге сыйпап колдонуу да өмүргө кооптуу.

Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.

Бейшеналиев басма сөз жыйында тундурманы ичүү үчүн тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктай алаарын да билдирген.

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна компетенттүү кишини дайындоо сунушталган. Министрге ишеним көрсөтпөөнү 9 эл өкүлү колдоп, комитеттин бөлүмү тиешелүү катты премьер-министр Улукбек Мариповго жолдорун билдирген.

Уу коргошун менен дарылоо тууралуу мамлекеттик «Ала-Тоо 24» телеканалында дагы айтылган. Кийин медиакоомчулук жана көзкарандысыз эксперттер уулу тамыр тууралуу жаңылыктар сюжетин сынга алып, телеканалдын редакциясынын жоопкерчилигин кароону талап кылышкан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20-апрелде Бишкекте уу коргошундан (акониттен) төрт киши ууланганы жөнүндө кабарлаган. Алардын баары ооруканаларга оор абалда жеткирилген. Министрдин айтымында, ууланган төрт киши «алардын» кайнатмасын алышпаганын, өз билемдик менен дарыланып жатышканын билдирген.

«Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө комиссия барып текшерген жана биздин дарылдоодон кийинки эч кандай абалы начарлоо болбогонун аныктаган [...] Жабыркагандар биздин кайнатманы алышкан эмес. Алгач сураш керек да, адамдар эмнеден ууланганын. Булар онкологиялык оорусу бар адамдар экен, мурдатан эле өздөрү ичип жүрүшкөн. Ашказандык рак ооруларына илгертен эле уу коргошун ичишчү. Аларды дарылап жүргөн киши дозасын туура эсептебей койсо керек», — деген ал.

Тема боюнча: Күндүн иллюстрациясы: Аконитмен — Кыргызстандын жаңы «куткаруучусу»

Жапаров коронавирустан «уу коргошун» айыктырарын айтты. Эксперттер аны колдонбоого чакырды