Садыр Жапаровдун фейсбуктагы жана инстаграмдагы аккаунттары верификациядан өттү

Президент Садыр Жапаровдун фейсбук жана инстаграмдагы аккаунттары верификациядан өттү. Бул аталган баракчалар чынында Жапаровго таандык экенин ырастайт.

Жапаров фесбуктагы аккаунтун 2012-жылы ачып, 2017-жылдын 21-мартына чейин өзү алып барган. Ал эми 25-мартта ал бир нече кылмышка айыпталып, камакка алынган.

Ал эми президенттин инстаграмдагы баракчасындагы биринчи пост 2015-жылдын 22-августунда жарыяланган. Учурда Жапаровдун 287 миң катталуучусу бар.

«Бекешев, уу коргошун жана фанаттар»

Марттын башында «Азаттык» үналгысы фейсбук баракчасында депутат Дастан Бекешев жаңы Конституциянын долбоорун сындаган видеосун жарыялаган. Анда Жапаровдун аккаунтунан Бекешевге «көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын-помощник» деген комментарийди калтырылган. Бекешев 6 жашында көзү көрбөй калган.

Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Жапаровдун фейсбуктагы аккаунтун «бирөөлөр бузуп киргенин» айтып, президенттин акыркы жазылган комментерийлерге «эч кандай тиешеси жок» деп билдирген. Ал эми УКМК президенттин жеке аккаунтун «чет мамлекеттен» бузуп киришкенин кабарлап, аталган факты боюнча текшерүү жүргүзө баштаган.

16-апрелде Жапаровдун фейсбук жана инстаграмдагы бир нече баракчалары COVID-19 инфекциясыны «Жунгар аконити», башкача айтканда «уу коргошун» менен дарылоону сунуштаган. Көп өтпөй фейсбук Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген.

*«Жунгар аконити» уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Ал салттуу медицинада колдонулганы менен анын пайдасы расмий тастыктала элек. Ошол эле учурда «уу коргошундан» жасалган суюктукту ичип каза болгон учурлар а бар.

Жапаровдун ошондой эле твиттер баракчасы жана телеграм-каналы бар, бирок алар верификациядан өткөн эмес. Жакында Жапаровго таандык делген телеграм-каналда эки сүрөт тараган — биринчиси, «эки жүздүү эл бузар саясатчылар» тууралуу, ал эми экинчисинде — Батыш каржылайт делген уюмдар, саясатчылар жана ЖМКлардын каржылануусу схемасы көрсөтүлгөн.

Галина Байтерек аталган телеграм-канал өлкө башчыга тиешеси жоктугун айтып, бул постторду анын «фанаттары жазышканын» айткан. Анткен менен буга чейин, Галина Байтерек «Клоопко» бул телеграм-каналдын Жапаровго таандык экенин ырастыган болчу.