Парламент уу коргошунду жарнамалаган министр Бейшеналиевди кызматтан алууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев парламент 28-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповго саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан кетирүү сунушун бергенин өзүнүн телеграм-каналында кабарлады.

Бекешевдин айтымында, Бейшеналиевди кызматынан кетирүүнү Жогорку Кеңештин 81 депутаты колдогон.

«Акыры парламент бир аз болсо да күчүн топтоду окшойт» — деп депутат сөзүн жыйынтыктады.

Ошол эле учурда, Бейшеналиев өзү парламенттин отурумуна келген эмес. Бирок өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Нарын облусунда иш сапар менен жүргөнүн билдирген.

Бейшеналиевди кызматынан кетирүү боюнча акыркы чечимди өкмөт башчысы Улукбек Марипов кабыл алат.

Дагы окуңуз: Медик, юрист жана активисттер Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну талап кылышты

Парламент Бейшеналиевди кызматынан бошотуу тууралуу чечимди, анын уу коргошун, же аконит деген ат менен да белгилүү болгон уулуу өсүмдүктүн жардамы менен коронавирусту дарылоо жөнүндө жар салганына байланыштуу чыгарган.

19-апрелде депутат Жанар Акаев парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кетирип, анын ордуна компетенттүү кишини дайындоону сунуштаган. Анын сунушун комитет колдоого алган.

Депутат андан сырткары, кокус, коронавирус менен ооруган бейтап айыкса аны уу коргошундан жакшы болду деп, ал эми өлүп калса СOVID-19дан өлдү деп коюу адатка айланарынан кооптонгон. Андыктан министрди кетирүүнү премьерге сунуштоо керектигин кошумчалаган.

Аталган комитет 26-апрелдеги жыйынында министрдин кызмат ордуна дал келүүсүн парламенттин жалпы жыйынында кароо керектигин кабыл алган. Себеби, министр профилдик комитеттин жыйындарына келбей койгон.

Министр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып чыккан аткаминерлердин бири. Президент Садыр Жапаров 15-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелдеги басма сөз жыйында кайнатманы ичкен.

Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Тема боюнча: Күндүн иллюстрациясы: Аконитмен — Кыргызстандын жаңы «куткаруучусу»