Садыр Жапаров элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан жаңжал боюнча үн катып, элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

«Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам», — деди Жапаров.

Ал ошондой эле, тажик тарап менен болгон талаш-тартыш маселелерди ынтымак менен гана чечилерин билдирди. Жапаров андан сырткары саясий күчтөрдү дагы сабырдуу болууга чакырды.

«Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам», — деди ал.

Чек ара маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев учурда Кыргызстанда эмес. Ал эми өкмөт башчысы Улукбек Марипов Татарстанда. Андыктан президент Садыр Жапаров чек арадагы чыр-чатакты чечүүнү биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго тапшырды.

Чек арадагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Эки өлкөнүн 100-150гө чукул тургунунун ортосунда чыр чыккан. Чогулгандар бири-бирине таш ыргытышып, ок да атылган.

Ошондой эле, 29-апрелге караган түнү ок атуучу куралдан жарадар болгон кыргызстандыктар бар экени айтылып, алардын бирөө көзүнө ок жеп ооруканага түшкөн.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда дагы эле ок атышуу угулууда. УКМК Тажикстан ИИМинин атайын аскерлер бөлүмү жана жоокерлери Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу тосмосун 29-апрелде саат 14:00до миномёт, пулемёт жана автоматтар менен жапырт аткылоону баштаганын билдирген.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

Чыр болгон жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев күч органдарынын аракеттерин координациялап жатат.

Баткен облусунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Ош — Баткен — Исфана автожолундагы Төрт-Көчө аймагы жабылганын кабарлаган.

Азыркы тапта кыргыз тараптан 17 адам жаракат алып, 1 адам каза болду, ал эми тажик тараптан 9 адам жабыркаганы айтылууда.

Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Тажикстандын жарандарынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүү аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тарткан.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Тажикстандын чек ара кызматы билдиргендей, суу сактагыч 1968-жылы эле курулуп бүтүп, толугу менен Тажикстандын аймагында жайгашкан.

«Бирок Кыргызстан бир тараптуу түрдө бул объектини басып алып, чектеш аймакта жашаган тажик тилдүү жергиликтүү тынч элге каршы атайын кызматтардын жарандык форма кийип алган жоокерлерин колдонушууда», — деп Тажикстандын чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматы коңшу мамлекеттин чек арачылары жайылтып жаткан маалымат «чындыкка дал келбей» турганын маалымдашууда.