Күндүн сүрөтү: Чек арада окко учкан секелек айгүл гүлүнүн образында

Кыргызстандагы белгилүү сүрөтчү Татьяна Зеленская социалдык тармактагы барагына кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга арнаган иллюстрациясын жарыялады.

Иллюстрация Айгүл гүлүнүн образындагы отко чулганып ыйлаган кичинекей кыздын элесин чагылдырат.

Иллюстрация: Татьяна Зеленская 

«Ушуга кантип жол берилди! Өрттү өчүргүлө! Баткен, сени менен чогуу ыйлап жатам», — деп жазды Зеленская.

Куралдуу кагылышуу менен коштолуп, адам өмүрүн алган чек ара чырында Кыргызстандын 13 жараны каза тапкан. Алардын ичинде 12 жаштагы Мадина Рахматжанова дагы бар. Өспүрүм кыз Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну болчу.

Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган. Ошол күнү кечинде тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан.

Бирок буга карабастан чек арага чукул аймактарда мезгил-мезгили менен ок чыгаруулар болуп жатат деп, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 30-апрелде билдиришкен.

Айгүл — Кыргызстандын түштүгүндө, Баткен облусунда гана өскөн эндемик өсүмдүк. Айгүл Баткендин символу. Өсүмдүк жоголуп бара жаткан түрлөргө кирип, Кызыл китепке киргизилген.

Дагы окуңуз: ССМ: Баткенге жалпы 31 дарыгер жөнөтүлүп, учурда резерв түзүлүп жатат

Ташиев: Кудай буйруса кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз

Чек ара чырынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 84кө жетти