Баткен: Өмүрбек Суваналиевдин ордуна чек арачы Абдикарим Алимбаев дайындалды

Абдикарим Алымбаев / Өмүрбек Суваналиев

Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан 4-майда бошотулду. Анын ордуна Абдикарим Алымбаев дайындалды.

«Башка жумушка өткөнүнө байланыштуу деп чечимди чыгарышыптыр. Макул дедим. Мен бүгүн эле уктум», — деди Суваналиев «Азаттык» басылмасына.

Суваналиев кайсы кызматка дайындалаары тууралуу маалыматы жоктугун кошумчалап, Баткенде иштөө үчүн үй-бүлөсү менен көчүп келгенин белгилеген. Ал Баткен облусун 15-февралдан тартып башкарып келген.

Мындан сырткары Суваналиев менен бирге анын орун басары Эрлан Сапарбаев да жазган арызынын негизинде бошотулду.

Баткен облусунун жаңы жетекчиси Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматында иштеп, 2016-жылы мекеменин жетекчиси болуп дайындалган. Бирок ошол эле жылдын ноябрь айында өз каалосу менен кызматтан кеткен.

Алимбаевдин арыз жазуусуна чек ара кызматынын аскерлери куралдарды уурдап, мыйзамсыз сатып жүргөнү себеп болгон — жалпысынан 26 автомат, 14 «Макаров» үлгүсүндөгү тапанчалар жана 13 миңден ашуун ок сатылган. Анда Алимбаев бул кызматты ээлегенге «моралдык укугу жок» экенин айтып, кызматтан кетүү тууралуу рапорт жазган.

«Мен аскер бөлүкчөдөн куралдардын уурдалганынан ыйгарым укуктарды тапшыруу жөнүндө рапорт жаздым. Бул инцидентте менин кол астындагыларым аралашкан экен. Мен бул кызматты ээлөөнү уланта албайм. Моралдык жактан туура болбой калат. Мен офицермин», — деген ал.

Анткен менен ал 2018-жылдын май айында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалып, Башкы штабдын жетекчиси болгон.

Баткен облусундагы кадрдык алмашуулар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардын шартында болууда. Жаңжалда 35 кыргыз жараны каза таап, 200гө чукул киши жарадар болгон.

Ошондой эле облусттун Баткен жана Лейлек райондорунда 130 объектилер өрттөлгөн — алардын ичинде 104 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, милициянын бир имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу жай жана 8 дүкөн бар. Мындан сырткары кооптуу аймактардан 33 миңден ашуун кыргызстандык эвакуацияланган.

Өз кезегинде тажикстандык ЖМКлар кагылышууда Тажикстандын 16 жараны каза болгонун кабарлады, бирок расмий маалымат дагы деле жарыялана элек.

Өлкө башчы Садыр Жапаров 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча 11 кылмыш ишин иликтейт

Баткен: Барымтага алынган Интернационал айылынын башчысы бошотулду

Башкы прокуратура Тажикстандын аракетин аскердик агрессия деп баалады