«Мен аны сүйөм». Уурдалды деп эки күндөн бери изделген кыз дайынын билдирди

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында уурдалды деп эки күндөн бери изделип жаткан кыз байланышка чыкты. Ал сүйлөшкөн жигитине өз каалоосу менен барганын билдирди, ошондой эле, ата-энесинен кечирим сурады.

«Мен сиздерге уят болдум. Бирок, апа, мен аны [жигити] кандай сүйөөрүмдү билесиз го. Мен бул тууралуу дайыма айтчу эмес белем. Ушунун айынан бардыгынын урушуусун каалабайм... Өзүм да ошондой болушун кааладым, ал мени уурдаган жок… Мен башында эле атама айтууңузду ыйлап сурангам», — деди ал.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 26 жаштагы кызды 5-майда түнкү саат 11лерде Лебединовка айылындагы супермаркеттин жанынан белгисиз кишилер «Тойота-Эстима» автоунаасына салып кеткенин кабарлаган.

6-майга караган түнү кыздын сиңдиси милицияга арыз жазган. Укук коргоо органдары кызды уурдады деген эркектин ким экенин тактаган.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

Кыргызстанда 2017-жылы кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Уурдалган кыз-келиндер көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап, турмушта өз жолун таап кетүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болбой, укуктары тебеленген бойдон калышууда.

Буга чейин болуп өткөн кыз уурдоо фактысы коомдо резонанс жаратып, укук коргоо органдарына карата сындар да айтылган. Уурдалып кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы кыз алакачуу темасын коомдо кайра көтөрдү. Канатбекова 5-апрелде таңкы 5:00те уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкекке жакын жайгашкан Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада автоунаанын ичинде табылган. Ошондой эле, автоунаанын ичинде аны уурдап кеткен кишинин сөөгү да табылган.

Айзаданын окуясы Бурулай Турдалы кызынын аянычтуу тагдырын эске салат — Бурулайды дагы артынан түшүп алган киши милиция имаратынын ичинен өлтүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА

«Ала качуу арам». Муфтият Айзаданын окуясы боюнча үн катты

Чүй облусу: Кайгуул милициясы кыз ала качуунун алдын алды

Айзаданан өлүмү: Иш тергелип бүтүп, сотко өттү

«Башканын кызы деген жок». Ала качуу жөнүндө кыска тасма

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?