Өзгөн: Таксистти «мыкаачылык» менен өлтүргөн эки өспүрүм 12 жылга кесилди

Ош облусунун Өзгөн районунун 29 жаштагы тургунун «мыкаачылык» менен өлтүргөндөргө карата өкүм чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Ага ылайык, кылмыш жасалган учурда 16 жана 17 жашта болгон өспүрүмдөр «Киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп тыбылып, 12 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары, бирине 70 миң сом, экинчисине 15 миң сом айып пул салынды.

Ал эми 17 жаштагы эки өспүрүм «Кылмышты жаап жашыруу» беренеси менен айыптуу деп табылып, 3 жылга жүрүм-турумуна чектөө жаза чарасы колдонулуп, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Өспүрүмдөр бул убакыт аралыгында чет өлкөгө чыга алышпайт.

Мындан сырткары басма сөз катчы нараазы тарап Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу экендигин кошумчалады.

100 сомдун айынан кыйылган өмүр

Милиция Өзгөн районундагы Зергер айылынын 29 жаштагы тургунун өрттөлгөн сөөгүн өткөн жылдын 27-июлда Кары-Дарыянын жээгинен тапкан. Буга чейин укук коргоо органдары анын өрттөлгөн унаасын табышкан.

Тергөө алкагында эки шектүү — 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр — кармалып, айдоочуну 20-июлга карата түнү өлтүргөнүн билдиришкен.

Шектүүлөрдүн өз көрсөтмөсүндө ошол күнү алар маркумду 200 сомго жалдап, Шералы айылына жеткирип коюну суранышкан, бирок бара турган жерге жеткенде өспүрүмдөр маркумдун колуна 100 сом гана беришкен. Мындан улам алардын ортосунда чыр чыгып, унаанын артында отурган өспүрүм өзү асынып жүргөн сумкасынын илгич жиби менен айдоочу баланын мойнуна илип, муунткан. Ал эми экинчи шектүү айдоочунун бетине урган.

«Айдоочунун жансыз денесин автоунаанын багажнигине салып барышып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарья сайында маркумду өрттөп сууга агызып салышкан», — деп билдиришкен Ош ОИИБиден.

Кийинчерээк шектүүлөр таксисттин унаасына отуруп, үч досуна — эки 17 жаштагы жана бир 15 жаштагы өспүрүмгө — барып, окуяны айтып беришкен. Өспүрүмдөр кылмышты жашыруу үчүн унаага күйүүчү май чачып, өрттөп салышкан. Такстисттин өлүмүнө байланыштуу жалпы беш киши кармалган. Анын бири жашы жете элек болгондугуна байланыштуу коё берилген.

Маркумдун жакындары аны бир апта бою издеп, сегизинчи күнү моргго барып анын каза болуп калганына күбө болушкан. Таксисттин артында кош бойлуу жубайы жана эки жаш баласы калган.

Бул окуя коомчулукта нааразычылык жараткан. Андан соң 29-июлда маркумдун 70ке жакын тууганы Өзгөн райондук администрациясынын алдында митингге чыгышып, иш «акыйкат» тергелип, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу талабын коюшкан.

Чогулгандарга жергиликтүү бийликтин жетекчилери жана Өзгөн РИИБинин башчысы чыгып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдиргенден кийин, митингчилер тараган.

Тема боюнча:

Өзгөндө таксисттин сөөгү табылды. Анын өлүмүнө шектелип эки өспүрүм кармалды