«Кумтөр Голд Компани» кен иштетүүчү компаниясынын ишин иликтеген комиссиянын корутундусунда аша чапкан, аныкталбаган жерлер көп. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, аталган комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков билдирди. Ал мамлекеттик комиссиянын корутундусун жалпысынан колдогону менен айрым учурларына макул эмес.
«Мамкомиссиянын мүчөсү катары комиссиянын бүгүнкү кортутундусуна кол коюп бердим, бирок жалпысынан жартысынан гана колдойм деген өзгөчө пикир менен… Токтом долбоору тарыхый документ. Тарых тактыкты, саясат сактыкты талап кылат. Тарыхый документ [менен] көп адамдардын тагдыры чечилет, мамлекеттин дагы тагдыры чечилет», — деди ал.
Момбеков мамкомиссия сунуштап жаткан токтомдо жаңы келген бийликти актап, ага чейинкилери «караланып» калганын айтты.
«2020-жылдын октябрь айынан кийин келген бийликти гана актап, калгандарын Кыргызстандын чыккынчысы катары сыпаттап, чыккынчы деп атап да салдык. Чыккынчы деп бир гана сот атаса керек. Мен ошого нааразымын. Эмне үчүн биз 2020-жылдын октябрынан бери гана алышыбыз керек, ага чейинкилердин баары чыккынчы болушу керек?» — деди ал.
Эл өкүлү эгер мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине кыянаттык кылып, чыкканчылык кылса, аларга кызмат кылгандар дагы чыккынчы экенин белгиледи.
«Аларга кызмат кылган адамдардын бардыгы ушул жерде [парламентте] отурат. Анда ушул жердегилердин жарымы чыккынчы экенбиз да?! Эң негизги чыкканчылар 2009-жылы өкмөттө жана Жогорку Кеңеште иштегендер деп айтам. 2009-жылы Конституциялык келишимде Кумтөргө кулдук уруп, конституциялык соттун чечими менен бекитип бергенбиз», — деди Момбеков.
Депутат андан сырткары Кумтөргө коюлган 5 млрд долларга жакын айыппулду өндүрүп алууга ишенбей турганын, азыркы болуп жаткан окуялар компания менен «достошуу» үчүн жасалып жаткан кадам экенине токтолду. Андыктан бул маселеге чекит коюу үчүн аны улутташтыруу керектигин белгиледи.
«Мен ушул акчаларды өндүрүп аларыбызга, Кумтөрдү көндүрүп аларыбызга ишене албайм… Мунун бардыгы менин жеке пикиримде — жомок. Биз эгемендик алгандар бери эле Кумтөргө кулдук уруп келгенбиз. Азыркы соттошуу деле коштошуу эмес, достошуу. Эгер коштошо турган болсок анда башка жол менен баралы. Элди убара кылып, убада берип кыйнабай улутташтырып салалы. Ошону кылалы, кыла албасак кысалы, башка сөз жок», — деди ал.
Момбеков азыр сунушталып жаткан долбоор президент Садыр Жапаровду аңга түртө турчу документ экенине токтолду: «Азыр Жапаровдун алдына аппак пахтаны коюп жатабыз, бирок ошол пахтанын алдына жай жарыла турчу минаны да коюп жатабыз. Бул долбоор азыркы президентти аңга түртө турчу долбоор» — деди ал.
Депутат Кумтөр легендарлуу парламенттин, бир нече өкмөттүн башын жутканын айтып, «бизге окшогон чимкирик парламентти чиркейди жуткан бакадай кылып эле жутуп коёт» деди ал.
«Кумтөрдүн» айланасындагы жагдай
Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда алтын өндүргөн «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылган.
Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.
Ал эми Centerra Gold доогерлердин талаптарын негизсиз деп атаган.
Компания Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылы Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча стратегиялык макулдашууга кол койгонун эскерткен. Ага ылайык, компания коюлган бардык дооматтардан, анын ичинде мөңгүлөргө чогулган калдыктардан улам айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруудан дагы бошотулган. Ал ортодо Centerra Gold компаниясы Кыргызстандын өкмөтүн арбитраждык сотко берерин билдирди.
Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат.