Владимир Путин менен Садыр Жапаров Сочиде жолугат

Садыр Жапаров менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу 24-майда Сочиде өтөт. Путин жолугушуу качан жана кайда болорун Москва шаарында чет өлкөлүк элчилерге ишеним грамотасын тапшыруу аземинде билдирди.

Сүрөт: Орусия президентинин сайты

Анын айтымында, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык бекемделип жатат. Сүйлөшүүлөр ушул темалардын айланасында өтөт.

«Биздин мамлекеттерди жалпы тарых бириктирип турат. Бири-бирибизге өз ара ишеним жана сый мамиледебиз. Орусия менен Кыргызстан соода-экономикалык, аскерий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү аракеттенип келет. Биргеликте евразия интеграциясын өнүгүшүнө көмөктөшүп келе жатабыз. Садыр Жапаров менен 24-майда Сочиде өтүүчү жолушууда ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу сүйлөшүүлөр жүрөт», — деп билдирди Путин.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Самат Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Ал бул кызматка 2021-жылдын 22-февралында дайындалган.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы 17-майда Жапаров «алдыдагы эл аралык иш чараларга байланыштуу» убактылуу аралыктан иштөөгө өткөнүн кабарлады.

Орусия жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 28-30-апрелде куралдуу жаңжал болгон. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жаңжалдын чыгышына тажик тараптын Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенгени себеп болгон.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар. Ал эми тажик тараптан 19 адам каза таап, 87 киши жарадар болгону айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда чек арага жакын айылдардын инфраструктурасы жабыркаган: 100дөн ашык үйлөр кыйрап, мектеп, бала бакча жана башка имараттар өрттөлгөн.

Окуянын жүрүшүндө Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырында ортомчулук ролду аткарып берүүгө даяр экенин билдирген.

Кийин Путин чек ара жаңжалын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен талкуулаган. Ал 9-майда Москвага иш сапары менен барган. Анда Орусия президенти менен жолугушуу учурунда Рахмон «бардык чыр-чатактарды сүйлөшүү жолу менен чечүүдөгү Тажикстандын туруктуу позициясын» баса белгилеген болчу. Ал эми Кремлдин басма сөз кызматы Путин менен Жапаровдун жолугушуусу пландалбаганын айткан.

Эртеси күнү, 10-майда Садыр Жапаров менен Орусия президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөн. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууга байланыштуу кырдаалды талкуулашкан. Путин Орусия чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары менен барары маалым болгон. Жапаровдун визити учурунда өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин карашат.

Ошондой эле, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлөт. Ошондой эле, тараптар коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иштерди жана Орусия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү чараларын талкуулашат.