«Centerra мени дискредитациялоого аракет кылып жатат» — Тенгиз Бөлтүрүк

«Кумтор Голд Компани» ишканасынын тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Centerra Gold компаниясынын сот доосуна жооп берди. Буга чейин аталган ишкана Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Centerra Gold сот аркылуу Бөлтүрүктүн Кумтөр кенин башкарууга түз же кыйыр катышуусуна тыюу салгысы келет.

Бөлтүрүк «Азаттык» басылмасына курган маегинде Centerra компаниясы директорлор кеңешине анын талапкерлиги сунушталып жатканда эле президенттин жардамчысы экенин билишкенин айткан.

«Декабрда мени директорлор кеңешине киргизгенде аларга мен кыргыз бийлиги менен иштей турганым, президенттин кеңешчиси экеним маалым болгон. "Кызыкчылыктар кагылышын" көрүшкөн эмес», — деди Бөлтүрүк.

Мындан тышкары, «Кумтөр» боюнча мамкомиссия иш алып барып жатканда ал аны менен байкоочу катары кызматташканын кошумчалады.«Кызматтык көрсөтмөдөн жана укугумдан аша чапкан жокмун. “Центерра голд” менин атымды, кыргыз бийлигин, мамлекеттик комиссияны дискредитация кылуу аракетин көрүп жатат», — деди ал.

Centerra ишканасынын доосу

Канаданын Centerra компаниясы Бөлтүрүктүн үстүнөн сотко анын компаниянын алдындагы бузууларына жооп иретинде, мындан тышкары, «кыргыз өкмөтүнүн жакында эле Кумтөр кенин басып алуусуна байланыштуу» кайрылганын билдирген.

Канада ишканасынын билдирүүсүндө Бөлтүрүк Центерранын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн кеткенге чейин кыргыз өкмөтү менен кенди басып алууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн делет.

«12-майда, кенди басып алганга чейин, “Кыргызалтын” 29 миллион доллар каражатты үчүнчү жакка жөнөтүлүүчү жасалма төлөм тапшырыгын колдонуу менен күмөндүү банктык эсепке которууга аракет кылган. Ал эсеп болжолу “Кумтөр голд компанинин” атына ачылган», — деп айтылат Centerra компаниясынын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, билдирүүдө Centerra Gold ишканасынын аткаруучу директору Скотт Перринин сөздөрү келтирилген. Ал компанияны айлана-чөйрөнү булгоого, экологиялык нормаларды бузууга айыптоону «Кыргызстандын расмий бийлиги» жана Бөлтүрүк өзү колдонуп жатат деп эсептейт. Ошондой эле, Кумтөр кенин басып алуу дагы «өзүлөрүнүн мыйзамсыз кылык-жоругунан элди алаксытуу максатында» болуш мүмкүн.

Центерра Голддун директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк 18-майда Centerra Gold Inc компаниясынын туундусундагы ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу болуп дайындалган.

Бул парламент депутаттары ар бир компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамды кабыл алгандан кийин болгон. Кийин 14-майда мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Дагы караңыз:

Ишкерлер мыйзам үстөмдүгү бар экенине ишениши керек — бизнес-акыйкатчы Кумтөр боюнча