Ишкерлер мыйзам үстөмдүгү бар экенине ишениши керек — бизнес-акыйкатчы Кумтөр боюнча

Кыргыстандын бизнес акыйкатчысы Робин Орд-Смит 18-майда Кумтөрдүн айланасындагы жагдай боюнча билдирүү жасады.

Ал «ири инвестордун жана мамлекеттин өкүлдөрү өз ара келишпестиктерин тынчтык жолу менен чечише албагандыктан “Кумтөр” кенине тыштан башкаруу киргизилип калганы» өкүнүчтүү экенин билдирди.

Анын пикиринде, учурда рынокто иштеп жаткан компаниялар, азыркы жана потенциалдуу инвесторлор соңку кырдаалдын мүмкүндүү кесепеттерине, анын ичинде өз бизнестери үчүн да кабатыр болушууда.

Робин Орд-Смит белгилегендей, экономикалык кризистен чыгууга жана аны калыптандыруу үчүн бизнес мыйзамдын үстөмдүгү бар экенине жана чөйрөнүн туруктуулугуна ишениши керек.

«Бизнес-акыйкатчы тараптар кеч болуп кетсе деле сүйлөшүү жүргүзүп, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени жөнгө сала алышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Эл аралык ишкерлер кеңеши мыйзам «айрым жагдайларда өкмөткө белгилүү бир субъекттин ишмердигине толук көзөмөл киргизүүгө жол берет» деп белгиленген билдирүүнү жарыялаган.

Ошондой эле, Эл аралык ишкерлер кеңеши кошумчалагандай, мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөрүүлөр концессиондук келишимдин негизинде жер кендерин пайдалануу укугун жүзөгө ашырган акционердик коомдорго дагы жайылат. Кыргызстанда мындай шарттар менен бир гана компания иштейт — ал «Кумтор Голд Компани».

Мындан тышкары, ишкерлер кеңешиндегилер өлкө үчүн стратегиялык маанилүү жана бийик тоолуу иши абдан оор кенди башкарууну «эч бир шартта тышкы башкаруучунун, ал кандай гана сапаттуу болбосун, ишенимине бербөө керек» деп эсептешет.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген — башкаруучуну министрлер кабинети менен Маммүлктү башкаруу боюнча фонду тандайт.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны Канаданын Centerra Gold Inc. иштетип келет. Кыргызстан Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр Голд Компани» ишканасы Centerra Gold Inc. аркылуу башкарылат.

Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылганы негиз болгон. Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү.

Буга чейин дал ошол парламенттин депутаттары бул үчүн негиз түптөшкөн — алар дароо үч окууда каалаган компанияга сырткы башкаруу киргизүүгө жол ача турган мыйзамды кабыл алышкан.

Мыйзамга ылайык, эгерде компания кеңдерди коргоо талаптарын, мыйзамда бекитилген экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук нормаларын бузса, же иштин таасир этүүчү аймагында жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурса, ошол эле маалда келтирилген зыянды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөсө сырткы башкаруу киргизилет. Жапаров бул мыйзамга 14-майда кол койгон.

15-майда ЖМКларда укук коргоо органдары Кумтөр компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатканы айтылган. Анда УКМК тергөө жүрүп жатат деген жүйөө менен, комментарий берүүдөн баш тарткан, бирок 17-майда тинтүү жүргөнүн тастыктаган.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.Ошондой эле Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал». Анткен менен жаңы тышкы башкаруучу — Тенгиз Бөлтүрүк — кендин жааматы менен тааныштырылды.