Илим Карыпбеков президенттен Суракматовду үй камагына чыгарууну суранды

Илим Карыпбеков. Видеокайрылуудан скрин

КТРКнын мурдагы жетекчиси жана КЭДП партиясын Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо баштап барган Илим Карыпбеков президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, экс-мэр Азиз Суракматовду үй камагына чыгарууну суранды.

Анын кайрылуусу фейсбук баракчасында 27-майда жарыяланды. Суракматовду УКМК 26-майда кечинде коррупцияга жана мыйзамсыз баюга шектеп кармаган болчу.

Карыпбеков кайрылуусунда КЭДП партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого даярданып жатканын айтып, Суракматовдун камалышы анын штаб башчысы катары ишин улантуусуна таасирин тийгизет деп тынчсызданды.

«Партиянын шайлоого катышуусуна же катышпай калуусуна, курамынын өзгөрүшүнө саясий боёк, басым таасир этти деген ой болбошу керек. Суракматов буга чейин деле качкан эмес жана мындан кийин деле качпайт. Ошондуктан мен сураныч менен кайрылып жатам, Суракматовдун бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарып бериңиздер. Ал тергөөнүн жүрүшүндө өзүнүн актыгын далилдеп бере алат деп ишенем», — деген Карыпбеков.

Мындан сырткары, ал Кыргызстанды жаңы жана эски Конституция боюнча демократиялык өлкө деп атап, демократиянын негизги принциби «таза шайлоо» деп белгиледи.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Суракматов мэриянын айрым кызматкерлери жана ири курулуш компаниянын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схеманы түзүп, муниципалдык жерлерди коммерциялык мекемелерге көп кабаттуу үйлөрдү курууга берген деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал кызматтык абалынан пайдаланган деп айыпталып, Суракматов жана анын жакындарынын байлыгынын суммасы 50 млн долларга баалангандыгы кабарланган.

Суракматовдун отставкасы жана жыйынтыгы жокко чыккан шайлоо

Азиз Суракматов 2018-жылдын август айында Бишкектин мэриясынын жетектеп баштаган. Ал эми 2020-жылдын октябрдагы төңкөрүштөн кийин Суракматов өз калоосу менен бул кызматтан кеткен.

Суракматов жетектеген Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке катышып, алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 пайыз добуштарга ээ болгон. Партия шаардык кеңештеги 8 мандатка ээ болушу керек болчу.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы 19-апрелде КЭДПны шайлоодон четтетип салган. Буга партиянын өкүлдөрү шайлоо күнү добуштарды сатып алууга шектелип жатканы себеп болду.

Кийинчерээк Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» жана «Ак-Бата» партияларын да четтетип, шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныган. Боршайком бул чечимди колдоду.

Тема боюнча:

«50 млн доллар». Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамыз баюуга шектелип кармалды